БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Адилеттүү иштегенге көзүңөр жетпесе арыз жазып кеткениңер оң. Бул тууралуу Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди.
Ал бийликтегилер эртели-кеч кетерин эскертип, чын жүрөктөн, ак ниет, таза иштеп берүүгө чакырды.
"Министрлерге айтарым, мурдагы заманды унуткула, ар бир жетекчи, өз тармагыңарды иретке келтиргиле. Коррупциялык элементтерди, уурулукту түп-тамыры менен жок кылгыла. Таза иштегиле. Эгерде адилеттүү иштегенге көзүңөр жетпесе эртерээк арыз жазып кетип калганыңар өзүңөргө жакшы болот", — деди президент.
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагалыгына Адылбек Касымалиев, анын биринчи орун басарлыгына Данияр Амангелдиев, экономика жана коммерция министри болуп Бакыт Сыдыков дайындалды. Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн ант берүүсүнө Садыр Жапаров келип катышты.