Макрондун карааны кайрадан көзгө чалдыкты. Алиев Грузиядагы башаламандык тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макрон Грузиядагы башаламандыкка дагы кийлигишти. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Илхам Алиев ВГТРК менен РИА Новостиге курган маегинде билдирди.
"Азыр абал (Грузияда – ред.) стабилдүүлүккө карай ооп жатканы жакшы. Бул жерде дагы Макрондун карааны көзгө чалдыкты. Бул киши өз өлкөсүндө отура албай Грузияга дагы кийлигишүүдө", — деди Алиев.
Ноябрдын аягында Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе өлкөнүн Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо маселесин кароону 2028-жылга чейин токтотуу чечимин жарыялаган. Мындан улам оппозициянын кезектеги нааразылык акциялары башталган. Митингчилер петардаларды, таштарды, бөтөлкөлөрдү колдонушкан. Талкаланган жерлерден "Молотов коктейлинин" бөтөлкөлөрү да табылганы кабарланган. Коопсуздук күчтөрү атайын техникаларды, анын ичинде суу аткычтарды колдонуу менен жооп кайтарышкан.
Грузиялык укук коргоочу, "Адам укуктары үчүн мурдагы саясий туткундар" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Нана Какабадзе РИА Новостиге билдиргендей, нааразылык акциялары Батыш тарабынан бейөкмөт уюмдар аркылуу каржыланган. Батыш өлкөдөгү бийликтин алмашуусуна кызыкдар. Анткени Россияга каршы "экинчи фронтту" ачууну көздөөдө.
Батыштын провокацияларына каршы. Грузияда жаңы президент шайланды