БИШКЕК, 17 дек — Sputnik. Мамлекетке жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 168 миллиард 287 миллион сом (1 млрд. 945 млн. доллар) кайтарылган. Бул туурасында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.
Анын ичинен акчалай түрүндө 37 млрд. 776 млн. сом (436 млн. 725 миң доллар) чогулду.
Ал төмөнкүчө бөлүштүрүлгөн:
Республикалык бюджетке — 3 млрд. 352 млн. сом;
Бажы кызматына — 395 млн. 503 миң;
Салык кызматына — 4 млрд. 394 млн.;
Турукташтыруу фондуна —16 млрд. 952 млн.;
Жаңы стадион курууга — 12 млрд. 681 млн.
УКМК мүлк түрүндө 130 миллиард 510 миллион сомго бааланган 1 174 объектини мамлекетке өткөргөн. Алар:
44 объект 8 миллирад 963 миллион сомго сатылган;
184 объект (47 миллиард сом) мамлекетке берилген;
Калганы 75 миллиард сомго бааланууда.
"Ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин дагы 40 миллиард 893 миллион сомдук жумушту аткарып бүтөбүз деген ой бар. Бул — кылмыш иштеринин алкагында каралып, бүтүп жаткан жумуштар. Ошондо 2020-жылдын октябрынан ушул жылдын декабрына чейин 209 милилард (2 млрд. 400 млн. доллар) сом акча жыйналып калат", — деген Ташиев.