"Түнкү тыныгуу" мыйзамын аткаруу Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Түнкү тыныгуунун мөөнөтүн аныктаган мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө ИИМден Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинде башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева билдирди.
Аталган мыйзамга президент Садыр Жапаров 7-декабрда кол койгон. Ага ылайык, турак үйлөрдө, эс алуучу жана коомдук жайларда иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө, дем алыш, майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин музыка жана башка ызы-чуунун дабышы белгиленген деңгээлден ашпашы керек.
Бул мыйзам боюнча баяндама жасаган Коңкубаева президент Кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамды кайра кайтарганын айтты. Анын "Калкты ызы-чуу таасиринен коргоо талаптарын бузуу" делген 82-беренеси боюнча, ИИМге жарандарды уруксат берилген чектен ашкан добуштар үчүн айыпка жыгуу укугу берилген.
"Бул маселеде Башкы прокуратура каршылыгын билдирген. Аны менен ИИМ дагы макул болду. Анткени алар коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги бул маселени аткаруучу орган болушу керек. Анткени аларда тиешелүү адистер жана жабдуулар бар", — деди Конкубаева.
Ата-энесин карабай койгондор жазаланат. Президент мыйзамга кол койду