Адегенде XX кылымдын 30-жылдарындагы жаңы советтик кыргыз адабиятын түзүп жаткан акындардан анчалык айырмаланбаган ырларды жазганы менен Улуу Ата Мекендик согуштун соңку жылдарында өзүнүн жеке тагдырын, ички дүйнөсүн, жашоонун маңызы, өлүм жана тирүүлүк, сүйүү тууралуу ондогон мыкты ырларын жазып, дүйнөлүк классикалык поэзиянын салттарын кыргыз топурагына алып келип, "Махабат" аттуу жыйнагын чыгарган. Мына ушул жыйнактагы ырлар жана поэмалар кыргыз адабиятын бир баскычка көтөрүп, Алыкул Осмоновду туурап, ага окшотуп ыр жазгандардын тобу улуттук адабиятка келип кошулду. Аны "кыргыз поэзиясынын Чолпон жылдызы", "новатор-акын" деп атай баштадык. Өзүнүн жеке жашоосундагы өксүктөр, айыкпас кургак учук дартына кабылышы ырларына көчүп өтүп, тагдырдын поэзиясын жазууга түрткү берди.
Биз бүгүн таланттуу акындын адабиятка кошулуш учурлары тууралуу 7 фактыны сунуш кылабыз.
Балалык. Жетимчилик. Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта Каптал-Арык деген айылда туулган. Ал айыл Бишкектен батыш тарапта, азыркы Чүй облусунун Панфилов районуна карайт. Жаш чагынан атасы Осмондон да, апасы Алтындан да ажырайт. Үч бир тууган аяш атасы Касымдын колунда калат. Мындай балдарды томолой жетим дешчү. Жетимчилик аны кыйла эшикти түрттүрөт. Элдин да колунда жок кез. Ошол кезде жаш совет өкмөтү балдарга камкордук көрүү керек деп, ата-энесиз балдар үчүн тамак-аш, жатакана берүүчү атайын жайларды ача баштаган. Алыкулду мына ошондой жайлардын бирине алып келишкен. Ал Пишпек шаарында эле. Бул жерлерде дале азык, кийим-кече жетиш-тартыш болуп, балдардын бир тобун 1925-жылы №2 Токмок жетим балдар үйүнө которот. Алыкулду ушул Токмоктогу жетим балдар үйү адам катары телчиктерет. Ал жердеги тарбиячысы Грунья Савельевна сыяктуу жакшы адамдардын таасири менен оорулуу, кибиреп араң баскан бала башкалардын катарына кошулуп, адептүү, билимдүү болуп, турмушту, адамдарды таанып биле баштайт.
Балдар үйүндө ал курсагы чердейген, барабан каккан бала катары ошол кездеги тарбиялануучулардын эсинде калган, кийин ал балдар биринчи кыргыз интеллигенттеринин уюткусун түздү.
Шыктын ойгонушу. 1925-жылдан тартып эле он жашынан Токмок балдар үйүнүн дубал гезитине ырлары чыга баштаган да, ыр жазуудан өзүнчө бир канааттануу, кубаттануу сезимдерин алган. Анын бир өнөрү – чыгарма жазууга ышкысынын өтө жаш чагынан пайда болгондугу. Өзүнүн мындай бир эскерүүсү бар: "Мен жазуучулукка бала күнүмөн ынтызар элем. 1927-жылы 13 жашымда кайсыдыр бир окуу китебине басылып чыккан "Жайлоо" деген (авторун билбейм) аңгемеге ашык болгонумду унутпайм. Эне тил сабагынан бере турган Артыкбай Жолдошев деген мугалим ошол аңгемени бизге окуп берди да (жаз чыгып келе жаткан мезгил эле), "жакында жайлоого чыгасыңар, кайра күз келгенге чейин ушул өңдөнгөн аңгемени жаза келгиле" деди. "Чын эле кантип жазам" деген ой мени аябай эңсетти. Аңгыча жай бүтүп күз келди. Баягы аңгеме дагы эле эсимде. Бирок жазууга күчүм жетпестигин билип турам. "Мага бир күч пайда болсо да, бир дегенче жаза койсом" деген санаа түшөт. Күзгү окуу башталды. "Эми мугалимге эмне дейм" деп кайгырам". Мына ушул эскерүүгө караганда ал адабий чыгарманын таасиринде болуп, көркөм чыгарма жазгысы келген экен. Ошол ышкы, ошол дем жөн калмак беле, колуна калем алдырып, жазууга түрткү берди.
Адабиятка жол ачкан педагогикалык техникум. Ал жылдарда жаштарга билим берүү мамлекеттин эң жогорку милдети эле, ал милдет мугалимдер аркылуу гана ишке ашкан, а өлкөдө мугалимдер жетишсиз болчу. Мугалимдерди даярдай турган Фрунзе шаарындагы бирден бир окуу жайы педагогикалык техникум эле. Мына ошол окуу жайына 1929-жылы Алыкул Осмонов да кабыл алынып, дароо эле акын-жазуучулардын чөйрөсүнө түшөт, ал жерде "Кызыл учкун" деген адабий ийрим иштеген, ошол ийримдин мүчөлөрү бири-биринин чыгармаларын талкуулап турган. Студенттик кездери тууралуу мындай деп жазганы бар: "Ошол убактан баштап Пушкин, Лермонтов, Лев Толстой, Тургенев, Некрасов, Гоголдун аттарын уга баштадым, казак классиги Абай Кунанбаевдин ырларын окуп жүрдүм. Kөп убактарда китептерден, дубалдын боорунан ал жазуучулардын портреттерин көрө баштадым. Өз ичимден "Эң эле улуусу Лев Толстой, анан Тургенев, Некрасов, Гоголь, эң кичүүлөрү (баласы) Пушкин менен Лермонтов го" деп коём. Себеби, кимиси сакалдуу болсо, ошонусу мурун жашаган экен деп ойлоп жүрөм! Кийин талдап окуй келгенде "бала жазуучу" деп ойлогондорум (Пушкин) баарынан илгери жашап жана орус адабиятын ошолор негиздеген экен. Мени бул окуя көпкө чейин айран калтырып жүрдү. 1929-жылдын кышында биринчи жолу А.С.Пушкиндин "Зимний вечер" деген ырын котордум. Албетте, ал эң начар которулган болсо керек, бирок жолдошторумдун "сонун экен" деген мактоосу мени аябай уялтты. Аларга көрүнбөй качып кеттим. Ошол жылы кышында дубал газетага Уултай деген кыз тууралуу жазган какшык ырым чыкты".
Акын адабиятка ушундайча чалгын чала баштаган. Жалпы чөйрөгө көрүнүү үчүн ал кезде чыгармалары гезит-журналдарга басылышы керек эле. Ал күн да келди. "Сабаттуу бол" деген республикага тарай турган гезиттин 1930-жылдын сентябрь айындагы санына "Кызыл жүк" деген ыры басылат. "Ал ырды окуп алып ошол түнү кубанганымдан уктабай чыктым. Гезитти катып коюп, күнүгө он жолу окуйм. Эртеси дагы бирди жазып алпардым, анан дагы... дагы... Сабак маалында да, бош убагымда да жазам, – деп эскерет ал күндөрү тууралуу. – Кийинчерээк башка гезиттерге, анан айрым альманахтарга, "Чабуул" аттуу журналдарга ырларым чыгып жүрдү. Кезек-кезек драма кружогу үчүн пьеса жана декламация жазам. Аңгыча кыргыздын ошол кездеги көрүнүктүү акындары менен тааныша баштадым. Эң биринчи эле Жусуп Турусбеков менен жакын болдум. Бир күнү ошол акынга ыр алпарып берсем, окуду да "сенин ырларың дурус экен, мен Аалы Токомбаевге айтайын, эмки жекшембиде окуучуларды чогултуп тур, мен барып жыйналыш өткөрөм" дей салды. Көп узабай Токомбаев менен жолугуштум, ал кишиден да мактоо угуп аябай кубандым. Айткан күнү техникумда мен тууралуу "Мактоо жыйналышы" болду. Жусуп Турусбеков ошол кездеги эреже боюнча мени жалаң гана мактоого тундурду. Ошол жылы (1931-жылы) кышында "Ленинчил жаш" гезитине менин чыгармам тууралуу айрым полоса уюштурушту". Жаш акын ал кездеги жалаң эле жаштардан турган адабий чөйрөгө ошентип тааныла баштайт.
Өчкөн от, өрттөлгөн китеп. Жапжаш жигит ооруп калды. Оорунун айынан шаардан четтеп, 1932-жылы айылга кетет, ал ошол кездеги медицина анчалык жардам бере албаган өпкө кагыны — кургак учук менен жабыркаган, ошол оорусу бир жагынан, ата-эне, жакын тууганынын жоктугу экинчи жагынан, адамдар менен ачылып сүйлөшө албаганы үчүнчү жагынан аны коомдон, чөйрөдөн бир топ четтетип койгон. Өзү менен өзү болуп, оорусу менен "күрөштү". Түнү бою ырларды жазып, которуп, чыгармачылык менен көп алектенди. Бир чети өзүн алаксытты. Натыйжа жемиштүү болот: "Таңдагы ырлар" (1935), "Жылдыздуу жаштык" (1937), "Чолпонстан" (1937) деген үч жыйнагын биринин артынан бирин чыгарат. Кезегинде жакшы бааланганы менен автор өзүнө өзү ыраазы болбой койду, атүгүл экинчи китебин "колго алгыс болчу" дейт. Себеби буларда өзүнүн ички дүйнөсүн толук айта албай, өзү жөнүндө жаза албай калган. Ошол кезде дүйнөлүк классиканы окуду да, ошолорду өздөштүрүү, ошолор менен атаандашып чыгарма жазуу керектигин түшүндү. Эми жазууну азайтып убактысынын көбүн котормого арнады. Шекспир, Пушкин, Лермонтов, Крылов, Руставели, Низами, Перро, Чуковский, Маршак ж.б. классиктердин чыгармаларын кыргызчалатты. Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасынын эркин котормосу 1940-жылы басылып чыгып, котормочуга кыргыздар арасында даңк алып келди. Элетке чыкканда Алыкулду акын катары эмес, Шотаны которгон адам катары суктана карашты. Ырас, акын 1939-1941-жылдары өзү жөнүндө, өзүнүн керт башынан өткөн кайгылуу учурлар жөнүндө, турмуш тууралуу, оорулуу акындын тагдыры жөнүндө ырларын жазган экен. Бирок ал кезде адабиятка көз салып турган партиялык жетекчилик андай ырларды чыгармак эмес, эмгекчилерди тескери тарбиялаган, көңүл чөгөргөн ырлар деп эсептеген, ошондой китеп кылып чыгаруунун кыйынчылыгынанбы, же дагы башка себеби болдубу, айтор, 1941-жылы бир жыйнагынын кол жазмасын бүт өрттөп салат. Ошентип, Алыкул Осмоновдун дүйнөлүк поэзиянын үлгүсүндөгү башталган чыгармачылыгы кыргыз адабиятчылары, китеп басмалары тарабынан кабыл алынбай, акын оорусуна оору, кайгысына кайгы кошуп алды...
Күтүлгөн да, күтүлбөгөн да жыйнак. Оорусуна байланыштуу согуш жылдарында аскерге алынбады. Жазды. Окуду. Гезит-журналдарга айрым ырларын чыгарып турат, көбүнчө дале болсо котормочулук менен алектенет. 1945-жылы кыргыз адабияты үчүн күтүлбөгөн жыйнагын чыгарат. Ал "Махабат" деп аталган 76 гана беттен турган китеп кыргыз поэзиясынын асманында Чолпон жылдыздын жаркырашын элестетет. Акын жашоо, өмүр-өлүм, сүйүү тууралуу чын жүрөгүнөн чыккан классикалык ырлары менен чыга келди. Китеп тууралуу бир топ мактоо сөздөр айтыла баштады. Акын Темиркул Үмөталиев "Ленинчил жаш" гезитинин 1946-жылдын 1-августтагы номерине "Алыкул Осмонов" деген макала жазып, анда "кийинки төрт-беш жыл ичинде Алыкулдун бөтөнчө өскөнүн, өскөндө да күлүк аттай арымын таштап, бөлүнүп алга чыга келгенин" айтып, "жаңы формаларды табуу жагынан Алыкул кыргыз поэзиясында эң алдыда турган ойчул акын, философ акын – ырларды түзүүнүн устаты, акын боломун деген талапкер Алыкулдан окушу керек" деп тамшанып жазды. Жыйнак тууралуу алкоо сөздөрүн депортацияланып келип, Кыргызстанда жашап, иштеп жаткан балкар акыны Кайсын Кулиев, жердешибиз, таанылып калган дунган акыны Ясыр Шиваза жазып, Алыкул Осмоновдун көңүлүн көтөрүп ийди. Ушинтип атканда ошол кездеги республикалык компартиянын органы болгон "Кызыл Кыргызстан" гезитинин 1946-жылдын 15-ноябрындагы санына "Мааниси жок "Махабат" деген макала жарыяланат. Анын автору Мидин Алыбаев эле. Азырга чейин адабиятчылардын башын катырып келген бул макаланын жазылыш таржымалы түшүнүксүз. Макаланы башка бирөө жазса бир жөн эле, адабиятты жакшы түшүнгөн, лирикалык мыкты ырлардын автору, анда-санда Алыкул менен бирге басып калган Мидин жазып атпайбы. Жазганда да баштан-аяк Алыкулдун ырларын жерден алып көргө киргизип атпайбы! "Советтик жаңы кишилер жөнүндө чыгармалар керектигин", элдин талабы ушундай экенин Мидин Алыкулга катуу эскертет. "Дүнүйө" деген ырда Алыкул "караңгыда акырын гана байпакчан болуп алып, турмушка кылтак салып, алдоо-арбоо менен гана жеткиси келерин, ырда "Алдың кызык, артың өкүнүч дүнүйө" деп каңырыгын түтөтүп, жоолугун колуна алып көз жашын сүртүп ыйлаганын" айтып сатириктигине салып шылдыңдайт. "Бүкөн" деген ырында "адамдын мурдун бучук кылып кемсинтип, шылдыңдап, төшөктү май кылып, бир жилик этти кучактап жаткандыгынан өйдө жазганын жактырбадык..." деген пикирин айтат. Ушул сыяктуу шылдыңкор сөздөр менен "Махабат" китебинин маанисиздигин айтып отурат, акынды пессимист дейт, советтик коомго жат идеядагы адам дейт. 1943-жылы 14-августта ВКП (б) Борбордук Комитетинин "Звезда" жана "Ленинград" журналдары жөнүндөгү" токтому чыккан. Ошого карата Сталиндин оң колу болуп, идеология тармагын тейлеп турган Жданов 1946-жылы августта Ленинградда партиялык актив менен кошо жазуучуларды жыйнап алып Анна Ахматованын керемет лирикаларын "элден таптакыр алыс турат" деп, Михаил Зощенконун "Приключения обезъяны" деген сатиралык аңгемесинен улам аны "подонок литературы" деп, Дмитрий Мережковский, Вячеслав Иванов, Михаил Кузьмин, Андрей Белый, Зинаида Гиппиус, Фёдор Сологуб сыяктуу жазуучулардын жазгандарын элге зыяндуу деп, алардын тагдырын жарга түртүп аткан. Мына ушул Москадан берилген белгини Кыргыз ССРинде да аткаруу керек дегенден улам "Мааниси жок "Махабат" жазылганбы деп ойлойсуң, андай дегенге дагы себеп – макала №1 партиялык басылмага чыгып атпайбы, же бул макала бир нече автор тарабынан жазылып, Мидиндин атынан чыгарышкан болушу мүмкүн, же чын эле эки акындын жеке мамилелеринде жарака болушу да ыктымал. Бул жерде сөз алар жөнүндө эмес, бул жердеги коркунуч – мына ушул макала менен Алыкул адабий чөйрөдөн жок болуп кетиши да, китептери экинчи басылбай калышы мүмкүн эле. Канткен менен 1943-жылы аялы Зейнептен ажырап, коколой башы жалгыз калып, оорусу күчөп аткан акын үчүн бул окуя чоң сокку болгон...
Акын Алыкул Осмонов (сол жакта) жана прозаик Райкан Шукурбеков. Фрунзе, 1933-ж
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Акын жүрөгүн жаралаган бөбөк кайгысы. "Махабат" китебине кирген ырларынын ичинен "Бөбөккө" деген ыры өзүнүн кызы Жыпардын айына жетпей чарчап калгандагы күйүтүн ушунчалык күчтүү чагылдырганы менен сезимди селт эттирет. Бул ыр 1944- жылдын 30-ноябрында жазылган. Дал ушул айлар акындын чыгармачылык түшүмү берекесин төккөн, шагы ийилген мезгили болуптур. Ысык-Көлдүн Кой-Сарысындагы кургак учук санаторийинде ноябрдын төрт күнүндө (26-30-числосунда) 548 сап, декабрда 858 сап, январь-февралда 1796 сап ырды акын "бутунан өөп" ондогон, а балким жүздөгөн жылдарга өлбөс кылып жөнөтүптүр. Кызыгы, ушул үч айда ал кыргыз поэзиясын таптакыр жаңы багытка буруп, улуттук ырга кайра куруу жүргүзүптүр, өзүнүн ички дүйнөсүнө, жеке акындык "Менине" сүңгүп кирүү менен патетикалуу, чакырыктык ырдан ички дүйнөнүн интимдик поэзиясына ачык кадам таштаптыр. Дал ушул кезде акындын перзентиндей пакиза ыры "Бөбөккө" жарык дүйнөгө ыңаалап келиптир. "Ал – өзүнчө чек ара белгисиндей ыр. Байкаштырып көрсөк, акын ошол ыры менен чыгармачылыгынын жаңы баскычына аттап чыгыптыр; анын менчик акындык үнү менен сүйлөп кетиши да, укмуштай чыгармачылык эргүү мезгилине такай кириши да ошол ырдан башталыптыр" (С.Жигитов). Көпчүлүк Алыкулду изилдөөчүлөр белгилеп жүргөндөй ыр акындын чыгармачылыгындагы бурулуштун башталышы, анын ыр стихиясындагы кредосунун бир көрүнүшү. Осмоновдун чыгармачылыгы кыргыз ыр өнөрүндөгү жаңы белги болсо, ал эми "Бөбөккө" акындын чыгармачылыгындагы бурулуш болсо, анда бул ырдын куту эмнеде, бул ыр не деген ыр болуп кетти, анын түпкү теги, ошол жаңылыгы кайда жатат? Биринчиден, кыргыз поэзиясындагы көпчүлүк ырлар бир жагы мезгилдин агымына ылайык, экинчи жагы али адабий-эстетикалык аңдап билүү маданиятынын "балалык" доору өтө электигине байланыштуу чыныгы адабий асыл нарктардын деңгээлине көтөрүлүп жетпеген, декларативдүүлүк-үндөөчүлүк, чакырыктык, баяндоочулук мотивдер үстөмдүк кылып, адабиятты саясатка кызмат кылдыруу максаты гана биринчи планга чыгып келген. "Бөбөккө" дал ушул тосмону өз алдынан алып таштады. Экинчиден, бир жагы жогорудагыдай кырдаал акындардын ички дүйнөсүн аңтарып көрүүгө, өздөрүнүн жеке "Менин" ачып, толук көрүнүүгө, кадимки эле улуу акындарчасынан күнүмдүк көйгөйүн ыр кылып көрсөтүүгө тоскоолдук кылды, али дүйнөлүк адабияттын алдыңкы чегин карманарга өсүп жетилбеген кыргыз жаш акындары чыныгы поэзиянын белгиси болгон ырдагы психологизмди бере албай жатышкан. "Бөбөккө" дал ушул тосмону бузду. Ырдын жазылышына көбүнчө анын жеке тагдыры таасир этти. Ким билет, ошол трагедиялуу окуя болбосо, же кимдир бирөөнүн башынан өткөн мажараны укканынын негизинде жазса, ыр мынчалык күчтүү чыкмак эмес беле, бул ырга Алыкулдун тагдыры терең сиңдирилген, акын аны жазбай коюуга мүмкүн болбой калгандыктан жазып чыккан. Ал кездеги окуя жөнүндө 50 жылга жакын убакыт өткөн соң (1942-жылдын кышынан), ошол кездеги жары Зейнеп Талипова минтип эскерет: "...кызыбыз төрөлгөндөн кийин үй-бүлөбүзгө кандайдыр жылуулук кирди. Алыкул кубанганынан уктабай чыгат. Абалымды, кызымдын абалын сурамжылап, төрөт үйүнө нечен келип, нечен кетет. Адегенде кызыбызга ысым таппай кыйналдык. Алыкул кызына угумдуу, кооз, ошону менен бирге мааниси жетимдүү кыргыз ысмын койгусу келди. Акыры эң сонун ат тапты – Жыпар! Ооба, чынында Жыпар угумдуу ысым эле. Дал ушундай кубаныч – биринчи тапкан бөбөктүн ысык деми, наристенин пакизалыгы, боор тарткан жылуулугу акынды башкача кылып, тирүүлүктү үч-төрт эсе ынак ысык сүйгүзүп таштаган болуу керек, деги эле анын адамдык насилинде балага берилген башкача бир ысык мээрим көктөп турган болуу керек, капысынан дал ошол кубанычты, өрөпкүүнү өлүм тып басты да, акынды укмуштай терең өксүттү. "Төрөт үйүнөн суукка урунган байкуш чүрпөбүз бар болгону 15 күн жашады..." "...Кызын колуна көтөрүп чыгып, көрүстөнгө жашырып келген соң, Алыкул өзүн жоготуп буркурап ыйлады. Төрөт үйүн, өз ишине ат үстүнөн караган врачтарды урушуп, сотко берем деп оолукту. Эптеп жатып тынчыттым. Алыкул ошондон кийин узак убакыт иштей албай койду..." (жогорудагы эскерүүдө). В.П.Ремизованын (ошол кезде Жазуучулар союзунун секретарь-машинисткасы болуп иштеген) айткан кебинен: "Мен бир ишке таң калдым. Алыкул Москвага кетип бараткан. Киши жокто мага кагаз түйүнчөк берди. "Ушуну бекем жерге катып коёсузбу" деди. Түйүнчөктү алдым да, катып койдум. Ошол бойдон унутуп калыпмын. Алыкул далайга келбеди. Бир күнү эмеректеримди аралаштырып жатып, баягыны таап алсам болобу! Аялмын да, түйүнчөктү чечип көргүм келди. Эмнесин каттырды дейсиң, болсо кол жазмадыр, же кыздын каты, же сүрөтүдүр деп ойлогом. Түйүнчөктү чечтим. Он бештей галстукту жандыра бердим. Аягында ордендин кызгылт кутучасы чыкты. Ачсам, билесизби, айланайын, бир эски упчу... анан, топ чач жүрөт. Карасам, тобо, наристе баланын жупжумшак, майын чачы... ". "Жыпары чарчаган соң, Алыкулдун шамы өчүп, чынары күбүлдү. Үйдөн түнөрүп, саргарып, айлап эшикке чыкпады. Күрсүлдөп жөтөлгөнү күчөдү" (К.Жусупов). А бирок кызыгы – ыр дал ошол азалуу күндөрдө, 42-жылдын кышында эмес, андан бир топ мезгил өткөн соң, 44-жылдын ноябрынын соңку числолорунда жазылганы. Бул жылдар жалаң эле акындын мүңкүрөө учуру болгон: бир жагынан согуш, экинчи жагынан оору, кыйын тиричилик, жалгыздык, 43-жылдын августунда аялы Зейнеп менен оту күйүшпөй ажырашуу... Мына ушундай өздүк кайгы акынды биротоло чырмап, байлап, бошотпой туткундап таштаган. Балким, бул мезгилде Жыпарга арнап ыр жазгандыр, анысы аябагандай эле пессимисттик болуп калгандыр, балким ошол кездеги жагдайда бул ырды басууга мүмкүн эместир, же ким билет, акын Жыпарын эстеп, атайын ага ыр арнагысы келбей, өзүн өзү башка нерсе менен алаксыткандыр... Ким билет, бирок акыры кечигип болсо да ыр жаралды...