Президент түнкү тыныгуунун мөөнөтүн аныктаган мыйзамга кол койду. Түшүндүрмө

 Шаардагы көп кабаттуу үй.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров түнкү эс алуу, тыныгуунун мезгилин аныктаган мыйзамга кол койду.
Аны Жогорку Кеңеш 23-октябрда кабыл алган.
Бул эл уктап, эс алып жатканда тынчын албоого, уйкусун бузбоого багытталган документ.
Анда турак үйлөрдө, эс алуу зоналарында, коомдук жайларда иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө, дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин катуу, ашыкча добуштарды чыгарбоо керектиги айтылган. Тагыраагы, музыка жана башка ызы-чуунун үндөрү атайын белгиленген деңгээлден ашпашы керек.
Жашоочулардын тынчын алуу төмөнкү учурларда болору айтылган:
телевизорлорду, радиокабылдагычтарды жана башка үндү кайталап (күчөтүп) чыгаруучу аппараттарды, ошондой эле үндөрдүн, добуштардын басымынын жана ызы-чуунун жол берилген (коюлган чегинен) деңгээлинен ашкан үндү күчөтүүчү техникаларды, анын ичинде транспорт каражаттарында, соода объектилеринде, көңүл ачуучу жана оюн-зоок жайларында жана коомдук тамактануу жайларда орнотулган аппараттарды пайдаланганда;
музыкалык аспаптарда ойногондо, ышкырганда, ырдаганда, ошондой эле катуу добуштардын, ызы-чуу үндөрдү жол берилген деңгээлинен ашырганда;
тартип бузуучулар иштеткен күзөт, транспорт каражаттарынын сигнализациясынын үн чыгаруусун өчүрүү боюнча өз убагында чара көрбөгөндө, транспорт каражатынын сигналдарын зарыл болбосо да пайдаланганда, эс алуу учурунда тынчтыкты бузган ызы-чуулу, тарсылдаган үндөрдү чыгарганда;
пиротехникалык каражаттарды пайдаланганда;
адамдардын эс алуу учурунда тынчтыгын бузууга алып келген оңдоп-түзөө, жүк түшүрүү-жүктөө, тазалоо жана башка иштердин түрлөрүн жүргүзгөнгө, механикалык каражаттарды жана техникалык каражаттарды иштеткенде;
белгиленген убакытта корголууга тийиш болгон аймактарда, жайларда жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузууга алып келген башка аракеттерди жасаганда түнкү тыныгууну бузгандык деп эсептелет.
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт
Президент Батышты Афганстандын тоңдурулган акчасын кайтарып берүүгө чакырды