БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Тай-Мурас Ташиев Өзгөн айланма жолун куруу долбоорунан толугу менен чыкканын жарыялады. Бул туурасында ал "Регион ТВ" каналына маек берип жатканда билдирген.
Анын айтымында, атасы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, мамлекеттик каражаттар уурдалып жатканына ишарат жасаган блогердик видеоматериалдардан кийин долбоордон чыгууну сунуштаган.
"Атам мага "балам, силер жакшылык кылып жатсаңар, аны көрө албагандар мамлекеттен акча уурдагандай мааниде көрсөтүп жаткандыктан бул долбоордон чык" деди. Чыгып кеттим, азыр үй-бүлөбүздүн буга эч кандай тиешеси жок", — деген Ташиев.
Ал жол куруу үчүн акча кайдан алынгандыгы боюнча берилген суроого үй-бүлөсү 20 жыл мурда алган заводду кайра сатып жана ага кошумча насыя алышканын айткан.
Тай-Мурас Ташиев трасса өзүн 15-20 жылда актаарын кошумчалаган.
Өлкөдөгү алгачкы акы төлөнүүчү Өзгөн айланма жолун ачууга кечээ президент Садыр Жапаров катышты. Мурдараак трассаны куруп жаткан менчик компаниянын артында Ташиевдин уулу Тай-Мурас турары айтылган. Мамлекет башчы муну тастыктап, "Тай-Мураска ырахмат эле айтпайлыбы, акчасы бар адамды издеп, инвестор таап келгенине ыраазы болушубуз керек" деп жооп кылган.