Эми Таиландда эс алам дегендер Бишкектен түз учуп бара алат

Бишкектен Пхукетке алгачкы каттам жасалды
Чартердик каттам 27-февралга чейин уюштурулат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Бишкектен Таиландга түз аба каттамы ачылганын “Манас” эл аралык аэропорту билдирди.
Каттамды Aero Nomad авиакомпаниясы “Компас” туроператору менен биргеликте ачкан.
Биринчи рейс бүгүн, 5-декабрда, уюштурулган. Бишкек — Пхукет каттамы жумасына бир жолу — ар бейшемби сайын аткарылмакчы.
Компания мындай каттам 27-февралга чейин болорун белгиледи.
Ошондой эле 26-декабрдан баштап Бишкек — Фукуок (Вьетнам) каттамы да уюштурулат.
Кыргызстанга Asman Airlines компаниясынын экинчи учагы келди
Кыргызстанга Asman Airlines компаниясынын экинчи учагы келди. Сүрөт