Кыргыз адабиятын "Каныбек" менен байыткан. Касымалы Жантөшевдин сүрөттөрү

Туура 120 жыл мурда кыргыз эл жазуучусу, көрүнүктүү прозаик жана драматург Касымалы Жантөшев Ак-Суу районундагы Тепке кыштагында жарык дүйнөгө келген.
Sputnik
Жантөшевдин чыгармачылыгында "Каныбек романы өзгөчө орунду ээлейт. Ушул эмгеги менен элдин оозуна алынган. Белгилүү сынчы Салижан Жигитов "Каныбек" атактуу француз жазуучусу Александр Дюманын "Граф Монте-Кристо" романынан кем калбайт деп тамшанган.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Касымалы Жантөшевдин жашоо-турмушундагы ирмемдерди сунуштайт.
1 / 11

Жазуучу Касымалы Жантөшев кесиптештери менен. Фрунзе, 1940-жыл.

2 / 11

Касымалы Жантөшев (1-катарда сол жактан биринчи) жубайы Айжамал (экинчи катарда сол жактан биринчи), кызы Жибек (үчүнчү катарда солдон биринчи), неберелери жана туугандары менен. Фрунзе, 1960-жыл.

3 / 11

Калемгер (сол жакта) досу Базан Бапанов менен. Фрунзе, 1963-жылдын 25-марты.

4 / 11

Касымалы Жантөшев (ортодо) достору Базан Бапанов жана Сабырдин Турсунов менен чогулушта. Ош, 1960-жыл.

5 / 11

Жазуучу Касымалы Жантөшев (сол жактан үчүнчү) достору Базан Бапанов жана Сабырдин Турсунов менен. Жалал-Абад курорту, 1961-жыл.

6 / 11

Жазуучу (экинчи катарда сол жактан экинчи) үй-бүлөсү менен эс алууда. Жалал-Абад курорту, 1961-жыл.

7 / 11

Жубайы Айжамал (биринчи катарда сол жактан биринчи) менен. Жалал-Абад шаары, 1959-жыл, 23-октябрь.

8 / 11

Касымалы Жантөшев үй-бүлөсү менен (сол жактан биринчи). Фрунзе, 1957-жыл, 28-июль.

9 / 11

Калемгер окурмандары менен жолугушууда. Ат-Башы району, 1960-жыл.

10 / 11

Акын Төлөн Шамшиев (экинчи катарда сол жактан биринчи) драматург Токтоболот Абдумомунов, орус жазуучусу Сергей Михалков, жазуучу Касымалы Жантөшев, акын Абдрасул Токтомушев, прозаик Касым Каимов, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков (биринчи катарда сол жактан биринчи) акын Темиркул Үмөталиев. Москва (Союз үйү, Колонна залы), 1958-жыл, 15-октябрь.

11 / 11

Акын Кубанычбек Маликов (сол жактан биринчи), жазуучу Касымалы Жантөшев, акын Аалы Токомбаев, драматург Токтоболот Абдумомунов, казак жазуучусу Сабит Муканов, кыргызстандык жазуучу Николай Чекмёнев, прозаик Насирдин Байтемиров. Москва (Кремль багы), 1967-жыл, 17-декабрь.

Тема боюнча:
Касымалы Жантөшевдин "Каныбек" романы тууралуу жети факты
Алптар, генийлер, таланттар! Кыргыз киносунун үлкөндөрүнүн экрандагы ирмемдери