БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин чечими менен 2-декабрдан тарта муниципалдык автобустарда накталай акча чогултуу планы жокко чыгарылат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Эскерте кетсек, буга чейин автобус айдоочулары планды аткаруу оорчулук жаратып, аны толтуруу үчүн көбүрөөк жүргүнчү алуу максатында "жарышка түшүүгө" туура келип жатканын айтып нааразы болушкан
Мэрдин чечимине ылайык, план жокко чыгарылат, бирок накталай төлөнгөн акчанын эсеби камералар аркылуу көзөмөлдөнмөкчү. Эгер акча жетпей кала турган болсо, анда айдоочуларга карата чара көрүлөрү айтылды.
Муниципалитет автобустарда жол кире накталай эмес төлөөдө 17 сом, кичи автобустарда 20 сом, валидатор орнотулган автобуста накталай 20 сом экенин эске салды.
Кечээ борбор калаанын башчысы "Бишкек шаардык транспорт" ишканасынын жана департаментинин бир нече кызматкерине сөгүш берип, эреже бузган 24 айдоочуну иштен алууну тапшырган.