БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бийликтин совет доорунда курулган "сталинка" жана "хрушевка" үйлөрдү буздуруп, ордуна жаңы имараттарды куруу планы тууралуу пикирин билдирди.
Анын айтымында, бул идея кыйладан бери көтөрүлүп келген, бирок аны ишке ашыруу үчүн даярдык көрүү зарыл.
"Реновация идеясы кызыктуу, бирок ал үчүн инфраструктураны даярдоо зарыл. Канализациялык түйүндөр эскирип, ал жактардан ар кандай "фонтандар" атып чыгышы ыктымал. Муздак жана ысык суу түтүктөрүн жаңылоо шарт. Ошондой эле учурда борбор калаада 30дай мектеп тартыш. Көп кабаттуу үйлөр салынса, андагы жашоочулардын балдары кайсы мектептерге барат?" — деп суроо салды эл өкүлү.
Бекешев ошондуктан республикалык бюджеттен Бишкекке 30 мектеп, 20 бала бакча, 15 оорукана салууга каражат бөлүп берүү керектигин белгиледи.
"Канализацияга, жылуулук, суу менен камсыздоого 100 миллион доллардай каражат керектелет. Унаа токтотуучу жай да болушу керек. Ыш маселесин да көңүл сыртында калтырууга болбойт. Мунун баары эске алынат деген үмүттөмүн", — деди Бекешев.
Эске салсак, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Кыргызстанда совет доорунда курулган көп кабаттуу үйлөрдү бузуу мерчемделип жатканын айткан. Ал белгилегендей, жердин тартыштыгынан улам "сталинка" жана "хрущевка" деп аталган бир нече кабаттуу үйлөр биринчи кезекте буздурулуп, алардын кожоюндары менен баарына ыңгайлуу келишимдер түзүлөт.