БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Кыргыз журналистикасына 100 жыл" аттуу медиафорум өтүп жатат.
ЖМК өкүлдөрүнүн алдына куттуктоо сөзү менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов чыкты.
Мындан тышкары, "Кыргыз журналистикасынын тарыхый баяндамасы" аталышындагы сүрөт көргөзмөсү уюштурулган.
Иш-чарада "Кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгы: тарыхы, жетишкендиктери жана чакырыктары", "Кыргызстанда массалык маалымат каражаттарынын калыптанышында жана өнүгүшүндө "Эркин-Тоо" гезитинин ролу", "Кыргызстанга телерадионун кириши: келип чыгышы жана өнүгүшү" аттуу темаларда пленардык жыйындар болот.
Медиа жетекчилери менен эксперттер аймактык ЖМКнын ролу жана актуалдуулугу, жаңы медианын тенденциялары, ошондой эле журналисттин ишиндеги жаңы технологиялар тууралуу айтып беришет.