Грузия президенти Тбилисиде каршылык акцияларын өткөрүүгө чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Грузия президенти Саломе Зурабишвили парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам дүйшөмбү күнү кечинде Тбилисинин чок ортосунда каршылык акцияларын өткөрүүгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Зурабишвили парламенттик шайлоонун алдында ири оппозициялык партиялардын биригүүсүнүн демилгечиси болгон. Конституцияда президент бир да партияда болбошу керек деп турганына карабастан ал Европага ыктаган оппозицияга жеке өзү жардам берип, баш мыйзамдын эрежесин сактабай келет. Буга чейин бийлик өкмөттүн макулдугусуз чет жактарга жасаган сапарларынан улам Зурабишвилиге импичмент процедурасын жандантарын айткан.
"Бардыгыңыздарды саат 19.00дө Руставели проспектине чакырам, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганыбызды, ар бир добушту коргоого аларыбызды чогуу айталы", — деген президент брифингде.
Грузия БШКсы жекшемби күнү добуштарды санап бүткөн. Натыйжада бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы добуштардын 53,91 пайызына ээ болгон. Парламентке жалпысынан добуштардын 37,78 пайызын алып дагы төрт оппозициялык партия келмекчи. Алардын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын айтышкан. Ал эми ЕККУнун атайын координатору Паскаль Ализар айрым эреже бузууларга карабастан шайлоонун жакшы уюштурулганын белгилеген болчу.
Грузиянын парламенти ЛГБТ* пропагандасына тыюу салды