БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Грузияда парламенттик шайлоо өтүп жатканын Sputnik Грузия маалымат агенттиги жазды.
Ага ылайык, мыйзам чыгаруу органы 5 пайыз добуш ала алган партиялардагы 150 депутаттан түзүлөт.
Грузиянын премьер-министри Кобахидзе партияларды шайлоодон кийин БШК жарыялаган жыйынтыктарды таанууга чакырды.
Добуш берүүгө өлкөдө жашаган 18 жаштан жогорку курактагы Грузиянын 3 017 837 жараны катыша алат. Алар үчүн 3 044 шайлоо участогу ачылган.
Ошондой эле 42 өлкөдөгү 95 910 шайлоочу чет өлкөдөгү шайлоо тилкелеринде добушун бере алат.
Шайлоо процессине эл аралык уюмдардан 1700дөн ашык өкүл, 111 жергиликтүү уюмдан 23 миңден ашуун байкоочу көз салууда.