Радио

"Росатомдун" көмөгү менен молекулярдуу борбор ачылат

Улуттук онкология борборунун өзөктүк медицина бөлүмүнүн дарыгери Дүйшөнбек Нурдинов "Росатомдун" көмөгү менен өлкөдө кайрадан жанданып жаткан өзөктүк медицинанын абалы тууралуу айтты.
Sputnik
Кыргызстанда өзөктүк медицинаны жандантуу үчүн Кыргызстан "Росатом" мамлекеттик корпорациясы жана МАГАТЭ эл аралык агенттиги менен үч тараптуу меморандум түзгөн. Бул тууралуу Дүйшөнбек Нурдинов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Улуттук онкология борборунун өзөктүк медицина бөлүмүндө сөөктүн залалдуу шишиктерин изилдөө жүргүзүлүп жатат.
"Өзөктүк медицина — негизи радиоактивдүү изотопторду колдонуу менен диагностиканын жана дарылоонун заманбап багыттарынын бири. Биздин Улуттук онкология жана гематология борборунун өзөктүк медицина бөлүмүндө радионуклиддик изилдөө жүргүзүлөт. Ал бизге залалдуу шишик ооруларын эртерээк аныктоого жардам берет. 2011-жылы эле өзөктүк медицинага көңүл буруу башталып, МАГАТЭ (өзөктүк энергия жаатындагы эл аралык агенттик) тарабынан бирфатондуу эмиссиондук компьютердик томография коюлган. Кичинеден иш башталып келе жатканда, тилекке каршы, коронавирус пандемиясы болуп калды. Ошону менен токтоп, кайра башталып жатып иш ойдогудай жүргөн эмес. Эми "Росатом", МАГАТЭ жана Кыргызстандын ортосундагы үч тараптуу меморандумдун алкагында бир фотондуу эмиссиондук компьютердик томографиянын иштешин көргөзүп, үйрөткөн адистер келип бузулган тетиктерин жаңыртып, жабдыкты ишке киргизди. Быйыл июль айында өзөктүк медицина бөлүмү ачылып, учурда бейтаптарга алгачкы изилдөөлөрдү өткөрдүк. Азырынча сөөктүн залалдуу шишиктерин гана изилдей алабыз. Анткени бизге радиоизотоп жана генератор керек. Меморандумдун биринчи этабында өзөктүк медицина бөлүмүн ачуу каралса, экинчи этабында "Росатомдун" көмөгү менен бөлүмдүн базасында чоң молекулярдуу борбор ачылат. Ошондо бизде радиоизотоп жана генератор чыгаруу мүмкүнчүлүгү жаралат", — деди Нурдинов.
Ал радиоизотоп жана генератор чыгарыла баштаса залалдуу шишиктердин түрүн дарылоого жол ачылмактыгын кошумчалады.