Пресс-борбор

Жол кирени накталай эмес төлөө эмне үчүн зарыл? Ишкана жетекчисинин түшүндүрмөсү

2023-жылы накталай эмес төлөм киргенде эң көп план (накталайда) айына 6 миң болсо, азыр 22-23-миңге жетти.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Жол кирени накталай төлөөдө айдоочулар үчүн коррупциялык схема түзүлүп жатат. Бул тууралуу "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров Sputnik агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди.
"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров
Ал ошондой эле айдоочуларга эмне себептен план коюлуп жатканын түшүндүрдү. Адистин кебинин урунттуу учурлары:
жүргүнчүлөр жол кирени накталай эмес (карта, "Тулпар" карта менен) төлөгөндө отчет алуу оңой, канча түшүп жатканын валидатор аркылуу билип турабыз;
жол кирени накталай төлөгөндө айдоочуларга коррупциялык схема түзүлүп жатат. Бизде мониторинг бөлүмү бар. Ал жактагы балдар автобустун ичиндеги камералар аркылуу айдоочу канча жолу накталай, канча жолу накталай эмес алганын карап турат. Ошого жараша маршрут, элдин канча түшкөнүнө карап план коюп беребиз. Антпесе накталай акча сол чөнтөккө кетет;
накталай менен накталай эмес төлөмдүн ортосунда үч эле сом айырма болгондуктан, көбү айдоочуга акчаны карматып коюп жатат. Былтыр 2023-жылы накталай эмес төлөм киргенде эң көп план (нак төлөм) айына 6 миң болсо, азыр 22-23-миңге жетти. Бул накталай төлөгөндөр көп болуп жатат дегенди билдирет;
азыр айдоочуга айлык орточо 55-60 миң сомдон чыгат. Эгер көп жүргүнчү ташып, транзакциясы жакшы болсо 120 миңге чейин алышат;
айдоочу накталай акчадан кымырып кеткиси келет, план болгону үчүн ай сайын алар нак түшкөн акчасын төгүп атышат;
план коюлганы үчүн азыр Салык кызматына, газга карызыбыз жок;
накталай эмес төлөмгө элдин 95-100 пайызы өтө турган болсо ишкананын да бюджети көбөйүп, автобустарды өзүбүз алып калабыз. Накталай эмес төлөм жүргүзгөндө коррупциялык схеманын тамыры кыркылат.
Эске салсак, буга чейин Бишкек мэриясы накталай төлөмдөр үчүн жол кирени көтөрүүнү пландап жатканы кабарланган. Максаты — калкты электрондук жол кире төлөм системасын колдонууга кызыктыруу.
Бишкек мэриясы: автобустарда накталай эмес төлөм рекорддук көрсөткүчкө жетти