"Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Карточка алып коюу ушунчалык оорбу силерге? "Тулпар" же башка карта менен төлөгөндөргө жол кире көтөрүлбөйт. 17 сом бойдон калат. Накталай төлөмдөр канча түшүп жатканын эч ким билбейт. Ток этер жерин айтканда, айдоочунун чөнтөгүнө кетет. Ошондуктан ар бир шаардык жаран карта алгыла да, 17 сомдон төлөгүлө. Ушундай жол менен болсо да уурулукту, коррупцияны жок кылганга жардам берсеңиздер болбойбу? Накталай эмес төлөгөндө гана акчанын баары автобазанын эсебине түшүп автобустарды тейлөө, оңдоо иштерине жумшалат", — деди президент.
"Эгерде жүргүнчү накталай эмес төлөп 1,5 саат ичинде эки-үч жолу коомдук транспорт алмаштырса, анда бир эле жолу жол кире төлөө механизми да иштелип жатат. Ошондуктан тез арада карточка алгыла", — деди Жапаров.