Баткендин 25 жылдык мааракесине карата 25 объект ачылат

Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Баткендин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата 25 объектинин ачылуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Анын ичинде кызматтык турак үйлөр, административдик имараттар, спорт зал, бала бакча, мектеп сыяктуу социалдык объектилер жана ишканалар бар.
Имараттардын ачылышы 14-октябрда болору кошумчаланды.
Зардалыга салынчу жолдун наркы 390 млн. сомго жетери белгилүү болду