8-октябрга карата аба ырайы

8-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. 8-октябрь, шейшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +20...+25, Талас облусунда +18...+23, Ош, Жалал-Абад аймактарында +22...+27, Баткен чөлкөмүндө +21...+26, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +17...+22 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +23...+25, Ош шаарында +25...+27 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкекте жаш кызды автобус сүзүп, ал ооруканада каза болду. Видео