Акыйкатчы: жалаа жабууга салынчу айып пул негизсиз жогорулатылган

Акыйкатчы мыйзам долбоорунун демилгечилери карама-каршылыктарды жоюушу керектигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабуу жана мазактоого айып салууну сунуштаган мыйзам долбоорун кайра кайтарып алууга чакырды.
Белгилей кетсек, 25-июлда Жогорку Кеңешке киргизилген долбоордо жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салуу сунушталган.
"Айып пулдардын өлчөмү негизсиз жогорулатылган. Анүстүнө укук бузууга белгиленген жаза кылмыштын жазасынан бир топко төмөн болушу керек. Ал эми жалаа жабуу жана мазактоо кылмыш эмес. Мыйзам долбоорунда жоопко Маданият, маалымат жана туризм министрлиги эмес, сот тарабынан тартылышы керектиги эске алынышы керек", — деген Жаманбаева.
Акыйкатчы мыйзам долбоорунун демилгечилерин карама-каршылыктарды жоюуга жана жарандардын конституциялык укуктарын сактоону камсыз кылууга, эл аралык укуктук нормалардын сакталышына каршы келген жоболорду долбоордон алып салууга чакырды.
ЖМК жана интернетте адамды кемсинтип, жалаа жапкандарды жазалоо сунушталууда