"Ливан тараптабыз". Кытай Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча үн катты

Пекин жай жарандарга ылгабай жасалган чабуулдарга чечкиндүү каршы чыгарын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Пекин Ливандын эгемендүүлүгүн, коопсуздугун жана улуттук намысын коргоо иштеринде катуу колдоого аларын БУУнун Башкы Ассамблеясында Кытайдын ТИМ башчысы Ван И Ливандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Абдалла Бу Хабиб менен жолукканда айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Кытай Ливандын эгемендүүлүгүн, коопсуздугун жана улуттук намысын айныксыз колдойт. Кырдаал кандай гана жакка өзгөрбөсүн, биз адилеттүүлүктү колдоп, араб туугандарыбыз, анын ичинде Ливан тарапта турабыз", — деген Ван И.
Дипломат Кытай аймактагы кырдаалдын, өзгөчө Ливандагы жабдуулар жарылган окуяга байланыштуу абалдын кийинки өнүгүп бараткан чыңалууга дыкаттык менен көз салып турганын жана жай жарандарга ылгабай жасалган чабуулдарга чечкиндүү каршы чыгарын билдирген.
Министрдин айтымында, күч колдонуу укугу тынчтыкты гана бузушу мүмкүн, ал эми "зомбулукка зомбулук менен жооп берүү" Жакынкы Чыгыштагы кагылышууну чечпей, тескерисинче, отту тутандырып, гуманитардык ири апаатка алып келет.
Ал аймактагы азыркы абал Газадагы согуштун жайылып кетишинен улам жаралганын белгилеп, "Эки мамлекет эки эл үчүн" деген планды ишке ашырууга ыктай турганын кошумчалады. ТИМ башчысы Бейрут Ливандагы Кытай жарандары үчүн коопсуздук жаатында майнаптуу чараларды көрөрүнө үмүт артты.
Израилдин Куралдуу күчтөрүнүн авиациясы дүйшөмбү күнү эртең менен Ливандын түштүк жана чыгышындагы кыштактарды жапырт аткылоого алды. Ондогон айылдар жабыркады. Ливандын шииттик "Хезболла" кыймылынын аскерлери Израилдин түндүгүн карай ондогон ракеталарды кое берди. Ливан өкмөтү буга чейин БУУдан чатакка кийлигишип, Израилдин агрессиясын токтотууну талап кылган.
БУУнун Башкы Ассамблеясы шейшемби күнү жыл сайын өтүүчү 79-сессияга чогулду. Негизги окуясы — 24-сентябрдан 28-сентябрга чейин жана 30-сентябрда өтө турган жогорку деңгээлдеги жума, анын алкагында жыл сайын өткөрүлүүчү дебаттар болот. Россиянын делегациясын тышкы иштер министри Сергей Лавров жетектейт, ал 28-сентябрда сүйлөйт.
БУУ Ливанда жай жарандардын көп санда өлүшүн кабыл алгыс нерсе деп атады