БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Профилактикалык эмдөөлөрдү милдеттүү түрдө жүргүзүүнү талап кылган иштердин тизмеги бекитилди. Бул боюнча министрлер кабинетинин токтому чыкты.
Ага ылайык, оору жугузуп алуу тобокелдиги жогору болгон жана алдын ала эмдөөлөрдү милдеттүү жүргүзүүнү талап кылган жумуштар аныкталган.
Тизмеге төмөнкү иштер кирди:
адам жана жаныбарлар үчүн жалпы инфекциялык оорулар боюнча жагымсыз аймактарда топуракты казуу жана жылдыруу боюнча айыл чарба, гидромелиорациялык, курулуш жана башка иштер, даярдоо, өнөр жайлык, геологиялык, изилдөө, экспедициялык, дератизациялык жана дезинсекциялык иштер;
адам жана жаныбарлар үчүн жалпы инфекциялык оорулар боюнча жагымсыз аймактарда жыгач даярдоо, токойду тазалоо жана абаттоо, калктын ден соолугун чыңдоо жана эс алуу зоналары боюнча иштер;
адам жана жаныбарлар үчүн жалпы инфекциялык оорулар боюнча жагымсыз чарбалардан алынган мал чарбасынын чийки заттарын жана продуктуларын даярдоо, сактоо, кайра иштетүү боюнча уюмдардагы иштер;
адам жана жаныбарлар үчүн жалпы инфекциялык оорулар менен ооруган малды союу, андан алынган этти жана эт азыктарын даярдоо жана кайра иштетүү боюнча иштер;
адам жана жаныбарлар үчүн жалпы инфекциялык оорулар боюнча жагымсыз мал чарбаларында жаныбарларды багуу жана мал чарба объектилерин тейлөө менен байланышкан иштер;
кароосуз калган жаныбарларды кармоо жана багуу боюнча иштер;
канализация курулмаларын, жабдууларды жана тармактарды тейлөө боюнча иштер;
инфекциялык оорулар менен ооругандарды тейлөө боюнча иштер;
инфекциялык оорулардын тирүү козгогучтары менен иштер;
адамдын каны жана биологиялык суюктуктары менен иштер;
билим берүү мекемелеринин бардык типтериндеги жана түрлөрүндөгү иштер.