ЖК комитети ЖМК менен интернетте жалаа жапкандарга айып салууну колдоду

Мыйзам кабыл алынса Маданият министрлиги айып пул салуу маселесин ийне-жибине чейин жөнгө сала турган мыйзам алдындагы актыны кабыл алат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин транспорт жана коммуникация комитети соцтармак аркылуу бирөөгө жалаа жапкандарга ири өлчөмдө айып салуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды.
Бийлик Укук бузуу кодексин жаңы берене менен толуктоону сунуштап жатат. Анда ЖМК аркылуу же соцтармакта адамдын кадыр-баркын тебелегени үчүн 100 миң сом (юридикалык жактарга 200 миң сом) айып салынат.
Министрлер кабинети жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет булактары аркылуу адамды мазактоо жана кемсинтүү фактылары көбөйгөнүн белгилеген.
"Азыркы мыйзам боюнча, күнөөнү далилдөө татаал жана юридикалык ченемдердин ар кандай чечмеленишинен улам көптөр жазасыз калууда. Бул өз кезегинде чыр-чатактардын күчөшүнө, адамдар аралык мамилелердин начарлашына жана коомдук туруктуулуктун бузулушуна алып келиши мүмкүн", — деп жазылган мыйзам долбоорунун негиздемесинде.
Жарандардын кайрылууларын Маданият министрлигинин алдындагы мониторинг борбору карайт. Эгер киши айыпка макул болбосо сотко кайрыла алат. Мыйзам кабыл алынса Маданият министрлиги айып пул салуу маселесин ийне-жибине чейин жөнгө сала турган мыйзам алдындагы актыны кабыл алат.
Талкуудан кийин көпчүлүк депутаттар мыйзам долбоорун колдоду. Экөө "каршы" деген добуш берди.
ЖМК жана интернетте адамды кемсинтип, жалаа жапкандарды жазалоо сунушталууда