Асел Ногойбаевага адвокат болгондо ыйлаган күндөрүм болду. Жактоочу Саутованын маеги

Өткөн жылдын сентябрь айында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кесип салган Асел Ногойбаеванын окуясы коомчулуктун үрөйүн учуруп, мыкаачы кишини мыйзам чегинде жазалоону талап кылгандар четтен чыкты. Ушуга байланыштуу сот отурумдары коомчулуктун көңүл борборунда болду.
Sputnik
Ошол процесстерде Ногойбаевага жактоочулук кылган юрист Индира Саутова менен маектештик. Айтымында, ал Асел менен биринчи жолукканда эле анын күч-кайратына баа берген.
"Мен Асел менен каргашадан бир апта өтүп жолуктум. Ошондо деле бетинин баары кесик, өтө күчтүү дарыларды ичип, нес абалынан чыга элек болчу. Бирок ошол абалында да өзүн бек кармап, менин ар бир айткан сөзүмдү кунт коюп угуп, керектүү суроолорду берип жатты. Мен Аселди карап алып ушунчалык күчтүү аял экен деген ойго келдим", — деген мүнөздөмөсүн айтты.
Жактоочу, мындан тышкары, кесибинде, кезиккен зээн кейиткен көрүнүштөргө да токтолду. Ошондой эле учурда үй, автоунаа алабыз дегендердин арасында алдангандар абдан көп экенин белгилеп, мүлк алууда юристке кайрылуу туура экенин кошумчалады.
Тема боюнча:
Баланын сөөгүн ата-энесине чыгарып берген абдан оор. Суучулдун видеомаеги