Аскар Акаев экс-президент макамын кайтарууга белсенип, ЖКга кат жолдоду

Мындай өтүнүч менен Акаев Жогорку Кеңешке 30-июнда кайрылган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев экс-президент статусун калыбына келтирүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кат жолдогон. Маалыматты Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Чолпон Султанбекова тастыктады.
Анын айтымында, кат Жогорку Кеңештин төрагасынын атына 30-июлда келген.
"Катты эртең менен алдым. Маселени күн тартибине чыгаруу абдан татаал процесс. Бардык фракция, депутаттар менен макулдашуу зарыл", — деди ал.
Аскар Акаев 2005-жылдагы саясий окуялардан кийин өлкөдөн качкан. 2021-жылы ал Бишкекке келип, Кумтөр маселеси боюнча сурак берген. Андан кийин Башкы прокуратура ага карата кылмыш иши токтотулганын жар салган.
Жапаров Акаев катасын кантип оңдогонун жана жакшы иштерин айтып берди