БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Экономика жана коммерция министрлиги Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү сунуштап, долбоор коомдук талкууга чыгарылды.
Буга чейин ишкерлерди коргоо боюнча мыйзам кабыл алынып, Кылмыш-жаза, Укук бузуулар жөнүндө жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстерине бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, экономикалык кылмыштар үчүн бөгөт коюуда электрондук байкоо жүргүзүү, күрөө колдонуу же үй камагына алуу каралган. Бирок бул ченемдер "тергөө органынан жана соттон жашырынып жүргөн адамдарга же өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген, же өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгон жосунду жасаган адамдарга жайылтылбай" турганы жазылган.
Эми министрлик Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 114-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "же өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген, же өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгон жосунду жасаган адамдарга" деген сөздөрдү алып салууну сунуштоодо. Башкача айтканда, экономикалык ишмердүүлүк менен алектенген ири ишкерлер камакка алынбайт.
"Бул учурда ири ишкерлер үчүн үй камагын жана электрондук байкоо жүргүзүү түрүндө бөгөт коюу чарасы сунушталат, ал айыпталуучуга карата белгиленген тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү сактоону камсыз кылуу максатында электрондук жана башка техникалык каражаттарды колдонуу менен аралыктан жана жайгашкан жерин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет", — деп жазылган мыйзамдын негиздемесинде.
Министрлик бул сунуш өлкөдөгү ири ишкерлердин жана инвесторлордун ишин коргоону күчөтүүгө жана мамлекеттик органдардын ишкердик субъектилердин ишине негизсиз кийлигишүүсүн четтетүүгө багытталганын айтууда.