Президент Кыргызстандан чыккан пилотсуз аппараттарды көрдү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Садыр Жапаров Кыргызстандан чыккан пилотсуз учуучу аппараттарды көрдү.
Мамлекет башчыга адистер чалгындоочу дрон асманда 10 саатка чейин жүрө аларын айтышкан. Ал 500 чакырымга чейин уча алат. Аппаратты жакын арада сынап көрүү пландалууда.
Буга чейин, тагыраагы, үч жыл мурда министрлер кабинетинин токтому менен учкучсуз учуучу аппараттардын системасын өндүрүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында "Шумкар" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коому түзүлөрү маалымдалган.
Садыр Жапаров пилотсуз учкан "Байрактарды" башкаруу базасын ачты. Сүрөт