КР футбол командасы Түркияда машыгууда. Алдыда маанилүү беттештер бар

Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Стамбулда (Түркия) окуу-машыгууларды өткөрүп жатканын Кыргыз футбол союзу билдирди.
Оюнчулар ал жерде 3-сентябрга чейин болушат. Эске салсак, 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына үчүнчү тандоо раундунун оюндары сентябрдын башында өтөт.
Ата мекендик команда 5-сентябрда Иран менен беттешсе (конокто), андан кийин 10-сентябрда Бишкекте Өзбекстан курамасы менен кез келет. Бул этаптын толук графиги шилтемеде.
Учурда тизмеде 32 спортчу бар, бирок оюндардын акыркы тизмесине 23 гана оюнчу киргизилет.
Эске салсак, команда биринчи жолу дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун 3-раундуна чыкты.
Олимпиада оюндары — 2024
Өлкө тарыхындагы эң жемиштүү Олимпиада: Париждеги оюндар эмнеси менен эсте калды