Чалгын кызматы: АКШ Грузияда "түстүү революция" даярдап жатат

Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. АКШ Грузияда 26-октябрда өтө турган парламенттик шайлоо алдында өнүгүп жаткан кырдаалга абдан нааразы жана өлкөдө "түстүү революция" уюштурууга даярданып жатат. Бул тууралуу РИА Новости РФтин Тышкы чалгын кызматына таянуу менен жазды.
"Америкалыктар Грузияда "түстүү революция" даярдап жатышат. Тышкы чалгындоо кызматынын бюросуна түшкөн маалыматтарга караганда, Ак үй Грузиядагы 26-октябрга белгиленген парламенттик шайлоонун алдындагы кырдаалга нааразы болууда", — деп айтылат маалыматта.
Грузия премьери Кытай менен кызматташканын сындаган АКШга жооп берди