ЕБде иши жүрүшпөй калган компаниялар улам арбууда. Сандар

Sputnik
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Евробиримдиктин өлкөлөрүндө быйыл, 2024-жылы, банкрот болгон компаниялардын саны улам көбөйүүдө. Бул туурасында Eurostat жазды.
Анда кайсы тармактардагы ишканалар аксагандыгы баяндалган.
2024-жылдын экинчи кварталында банкротко кабылганын жарыялаган компаниялар алгачкы үч айга салышырмалуу 3,1 пайызга арбын болгон.
Европа экономикасынын төмөндөгү төрт тармакта иш жүргүзгөн мекемелер көбүрөөк жоготууга учураган:
курулуш — 3,8 пайыз;
финансы ишмердүүлүгү — 2,6;
соода — 2,4;
өнөр жай 1,6 пайызга төмөндөгөн.
Муну менен катар эле жаңыдан ишин баштап, катталган компаниялар биринчи кварталга салыштыра келгенде 2,1 пайызга азайган.
Көбүрөөк төмөндөө бул тармактарда кездешкен:
соода — 4,7 пайыз;
өнөр жай — 3,6 пайыз;
билим берүү жана социалдык ишмердүүлүк 3,4 пайыз болгон.
Газ жаатындагы аргасыздык. Европанын өнөр жай тармагы кандай нук алат?