Сарымсактын пайдасын айткан адис аны кимдер көп жебеши керектигин түшүндүрдү

Сарымсак. Архивдик сүрөт
Жашылчаны боор жана өт ооруларында (дарыгердин көзөмөлүндө) колдонуу сунушталат. Анткени ал өттө таштын пайда болушуна жол бербөөгө жардам берет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. РОСБИОТЕХ университетинин адиси Дмитрий Куликов сарымсактын пайдалуу касиеттери тууралуу айтып, бирок аны ким жебеши керектигин РИА Новостиге түшүндүрдү.
"Сарымсак ичегини жакшы иштетүүгө көмөктөшөт. Ал ич катканда, жел өткөндө жардам берет. Бул жашылча кандагы холестерин менен глюкозаны азайтууга, зат алмашууну жакшыртууга, өзгөчө кант диабети менен ооруган жана ашыкча салмактан жабыркаган бейтаптар үчүн эң сонун диеталык азык болуп саналат", — деген Куликов.
Эксперттин айтымында, сарымсак иммунитетти да жакшы чыңдайт. Тумоологондо, тамак ооруп, мурундан суу акканда, ангинада сарымсактын курамында полифенолдордун, кверцетиндин жана фитонциддердин көптүгүнөн улам тез айыгууга мүмкүн болот. Ошондой эле сарымсак какырыкты суюлтуп, аны тез чыгарууга да көмөктөшөрү айтылды.
Сарымсак жүрөк-кан тамыр системасына да миңдин бири. Жашылчаны боор жана өт ооруларында (дарыгердин көзөмөлүндө) колдонуу сунушталат. Анткени ал клеткаларды калыбына келтирүүгө, өттө таштын пайда болушуна жол бербөөгө жардам берет. Мындан улам адис күнүнө сарымсактын 1-2 тишин жеп коюу керектигин айткан.
Ошол эле учурда ал сарымсак өнөкөт бөйрөк оорулары, гипотиреоз, гастрит менен ооругандар, ашказанында жарасы барларга сунушталбай турганына токтолду. Кош бойлуулар, эмизген келиндер да аны чийки жебеши керек.
Кош бойлуу аял. Архивдик сүрөт
Кош бойлуу кезде туура тамактануунун жолдорун дарыгерлер айтып беришти