БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Интернеттеги видеолорду коюп алып, аны кайталап өз алдынча машыгуу зыяндуу болуп калышы да мүмкүн. Мындай эскертүүнү Sputnik радиосуна курган маегинде фитнес-машыктыруучу Лев Гончаров берген.
Гончаров адам фитнес менен алектенүүнүн алдында адиске кайрылып, денесинин мүмкүнчүлүктөрүн аныктап, андан кийин анын кеңештери менен көнүгүүлөрдү жасаганы туура болорун белгилеген.
"Мисалы, бир аял телевизорду коюп, андагы эл аралык класстагы спорт чеберинин кыймылдарын кайталаса жаракат алып калышы толук мүмкүн. Анда көнүгүүлөрдү жасап жаткан спортчу менен байланыш жок, сен аны карайсың, бирок сенин кыймылыңды көзөмөлдөгөн адам болбойт. Жөнөкөй эле мисал, күнүнө 10 миң кадам жөө баскан адам менен 1000 кадам жөө баскан адамдын буттары, тизелеринин чыдамдуулугу бирдей болбойт (канча күч келери, ага туруштук бере алабы-жокпу деген сыяктуу жагдайлар), бир топ айырмачылык бар да", – деп түшүндүргөн Лев Гончаров.
Ошондой эле ал үйдө эле машыгууну каалагандарга адегенде өзүнүн денесинин жөндөм, чыдамдуулугуна жакшылап байкоо жүргүзүп, ошого ылайыктуу кыймылдарды жасоону сунуштаган. Мындан тышкары, көнүгүүлөрдү дененин кайсы бир бөлүктөрү бир аз сезгенге чейин жасоо туура экенин, бирок ооруп бара жатса да чыдай берип, ден соолугуна зыянын тийгизип алуу кооптуулугун кошумчалаган.