Эми автоунаалар ОСАГО келишими жок кайра катталбайт

Өлкөдө автоунааны милдеттүү камсыздандыруу 2025-жылга чейин жылдырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Автотранспорт каражатын кайра каттоодо милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө келишим (ОСАГО) талап кылынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин №464 токтомунда белгиленген.
Токтом расмий жарыялангандан кийин 15 күн өтүп күчүнө кирет.
ОСАГО алуу транспорт ээлеринин жол кырсыгынан тарткан чыгымдарын жаап берет. Анын ичинде унааны оңдоого же үчүнчү тараптыкын калыбына келтирүүгө чамасы жетпеген жарандарды социалдык жактан коргоо камсыздайт. Унааны милдеттүү камсыздандыруунун баштапкы баасы жылына 1 680 сомду түзөт.
ОСАГО — автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу. Бийлик автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга мурда айып салууну пландап, бирок улам жылдырып келген. Акыркысы 2025-жылга чейин узартылган.
ОСАГО полиси боюнча суроо көппү? Видеодон жооп аласыз