ЖМК: ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Хания Тегеранда өлтүрүлдү

Агенттиктин маалыматында, аткылоодон анын жан сакчыларынын бири да каза тапкан.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Палестиналык ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания Тегеран шаарында өлтүрүлдү. Бул туурасында РИА Новости Mehr агенттигине таянып жазды.

"Палестинанын ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания Тегеранда өлтүрүлдү", — деп айтылган.

Агенттиктин маалыматында, аткылоодон анын жан сакчыларынын бири да каза тапкан.

ЖМКлар Хания Тегеранга бир күн мурда Ирандын жаңы президенти Масуд Пезешкиандын инаугурациясына баргандыгын жазышты.
Ханиянын өлүмү боюнча башка малыматтарды жаза элек.
Эске салсак, буга чейин Газа тилкесине жасалган чабуулдан анын үч уулу менен бир нече небереси көз жумган. Ал кезде Хания балдарынын өлүмүнө комментарий берип жатып бул окуя кыймылдын Газадагы согуш отун токтотуу боюнча талаптарына таасирин тийгизбей турганын айткан. Ал Израиль менен каршылашып келген жылдардын ичинде 60ка чукул тууган-уругу, жакындары каза тапканын билдирген.
Израиль армиясы Бейрутка чабуул койду