Ичеги инфекцияларын толук дарылабай коюунун кесепеттери айтылды

Ичегидеги бактериялык же вирустук инфекция негизинен тамак-ашка ууланганда пайда болот.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Жайкысын ичеги-карын оорулары көбөйөт, бирок көпчүлүк бейтаптар аны толук айыкканга чейин дарылашпайт. Мындай абалдын кесепеттерин Sputnik радиосуна гастроэнтеролог Сергей Вялов айтып берген.
Бактериялык же вирустук инфекция негизинен тамак-ашка ууланганда пайда болот. Андан толук дарыланбоо олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
"Ичегиге инфекция киргенден кийин кээде адамдын абалы акырындык менен начарлайт, айрым учурда дароо начарлап кетет, клеткалар өлөт. Алгач ичегинин кичинекей эле бөлүгү, андан кийин көбүрөөк жери жабыркайт, убакыт өткөн сайын ал жер чоңоюп, инфекция күчөп канашы мүмкүн, эрозия же жара пайда болот", – деген Сергей Вялов.
Дарыгер ичегидеги инфекцияларды толук кетирүү керектигин белгилеген.
"Эгерде бактерия ичегиде көпкө калып калса анын кесепети оор болот. Бактерия көпкө жүргөндө адам ооруну, дагы башка кыжалат кылган белгилерди сезбей калышы мүмкүн, бирок инфекция анда полип, аденома, залалдуу шишик пайда болгонго чейин жашай бериши мүмкүн", – деп эскерткен адис.
Ошондой эле ичегиде инфекциянын калып калышынын дагы бир коркунучтуу жагын айтты.
"Мындай караганда ичеги бактериялардан тазалангандай эле сезилет, бирок зыяндуу микробдор ошол органдын нервдерине таасир бере берет. Зыяндуу таасирлерден улам ичегинин сезимталдуулугу күчөйт. Тамак-ашка уулануунун деңгээлине жараша бул абал жарым жылга чейин созулушу мүмкүн", – деген гастроэнтеролог ууланган адам сөзсүз дарыгердин текшерүүсүнөн өтүшү керектигин кошумчалаган.
Адис тамак-ашка уулангандан бир апта өткөндөн кийин анализ тапшыруу зарылдыгын белгилейт.
Диетолог адамга күнүнө канча өлчөмдө клетчатка керектигин айтты