Пресс-борбор

Ата-эне баланы 6 жаштан мектепке берүүдөн баш тартса эмне болот?

Кыргызстанда балдарды алты жаштан мектепке алуу үчүн санитардык нормаларды жана эрежелерди өзгөртүү пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. 12 жылдыкка өткөндө бала алты жаштан окубаса мектепти кеч аяктайт. Бул тууралуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмаз Токтомаметов билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн 12 жылдык окутууга арналган брифингге катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө спикерлерге "баланы алты жаштан мектепке берүүдөн баш тартса эмне болот?" деген суроо узатылган.
Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшеева учурдагы санитардык норма боюнча беш жана алты жаштагылар бала бакчага, ал эми жетидегилер мектепке барарын айтты. Алты жаштагыларды нөлүнчү класстын ордуна биринчиге отургузуу үчүн тиешелүү өзгөртүүлөр даярдалууда.
Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшеева
"Мыйзамда орто билим берүү милдеттүү болгондуктан ата-энелер балдарын алты жаштан биринчи класска бериши керек", — деди Дүйшеева.
Ал эми Токтомаметов алты жаштагы баланы мектепке берүүдөн баш тарткан ата-энелер да болорун айтты.
Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмаз Токтомаметов
"Баланы алты жаштан эмес, жетиге чыкканда берсе алар 12 жылдык окутууда мектепти бир жыл кеч — 19 жашында аяктайт", — деди ал.
12 жылдык окутуу: ЖК билим берүүгө 40 млн. доллар бөлө турган макулдашууну жактырды