CNN: демократ-сенаторлордун көпчүлүгү Харристин талапкерлигин колдошту

Кечээ, жекшембиде, Кошмо Штаттардын лидери Жозеф Байден президентитк шайлоого катышуудан баш тартарын айткан эле.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Демократиялык партиянын сенаторлорунун жарымынан көбү президенттик шайлоого АКШнын вице-президенти Камал Харристин талапкерлигин колдошту. Бул туурасында РИА Новости CNN телеканалына шилтеме кылып кабарлады.
Эске салсак, кечээ, жекшембиде, Кошмо Штаттардын лидери Жозеф Байден мамлекет башчылыктын экинчи мөөнөтүнө барбай тургандыгын айткан. Ал Харристин талапкерлигин колдогон.
Республикачылардан президенттик шайлоого аттанып жаткан Дональд Трамп Харристи жеңип чыгуу алда канча оңой болорун айткан.
"Кеминде 27 демократ-сенатор коомчулуктун алдында вице-президенти Камала Харристин талапкерлигин колдошту. Бул — көпчүлүк бөлүгү (сенатордун – ред.)", — деп айтылат маалыматта.
Телеканалдын маалыматына караганда, АКШнын Сенатында 47 демократ бар. Андан сырткары, Өкүлдөр палатасындагы демократтардын кеминде алтымышка чукулу да аталган талапкерди колдошорун айткан.
АКШнын президентин шайлоо 2024-жылдын 5-ноябрында өтөт.
Байден президенттик шайлоодон чыгып кете турган шарттарын атады