Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында конокто Эркалы Өскөналы уулунун жубайы Чынара Урсеитова жана КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист Бейшенбек Калыков болду.
— Алгач эле акындын бала кезине бир кайрылып, анан маекти баштасак...
Чынара Урсеитова: — Эркалы өзү Жумгал районунун Өрнөк айылында төрөлгөн. Чоң энеси сөз баккан киши болгондуктан "Манасты" үч сыйра окуткан экен. Чоң аталары жайлоого дайыма Эркалыны кошо ала кетишет. Ырларынын көпчүлүгү эле табиятка жакын. Акы жана Сопу деген чоң аталарыбыз болгон. Сопудан Самсалы, Самсалыдан Өскөналы, андан кийин Эркалы болуп жатат. Бир тууган кайнагам Сүйүнаалы Самсалиев да чыгармачылыкка жакын адам эле. Ал киши да ыр жазып жүргөн. Бирок эрте өтүп кетти. Ал эми Акыдан кадимки Калык атабыз (Калык Акиев — ред.), ал кишиден Салмоорбек атабыз болуп кетет. Аталардын таланты Эркалыга өткөн. Кайнатам да комуз чертип, жамактап ырдачу. Эң кичүү уулубуз мэриянын симфониялык оркестринде жана "Ордо сахна" фольклордук оркестринде да комузчу.
Бейшенбек Калыков: — Мен Эркалыны 1975-жылы жайдын аптабында Нарын районундагы эл "Конзавод" деп атап койгон совхозго айыл чарба жумушуна барганда көрдүм. Мени артынан ээрчиткен мыкты сапаты окуяны элестүү, мазасын келтирип айткан, укмуштай аңгемечи болчу. Анын сөзүнө кирип, ээрчип баратып аңга түшүп кеткен да күндөрүм болгон. Уккан адамды муютуп салчу. Үнүнүн тембринде да адамды тарткан сапаты бар эле. Көп өтпөй арабызга Шайлообек Дүйшеев келди. Ал бизден сегиз жаш улуу болсо да, курсташ болдук. Бир күнү Нуралы (Н.Капаров — ред.) ким эмнеге шыктуу экенибизди билели деп ырларыбызды окууну сунуштады. Мен анча-мынча ыр жаза койгон копол акын болчумун. Анан эле Шайлообек, Нуралы, Эркалылар ырын окуду. Ошондон кийин мен ыр жазган блокнотумду катып салгам. Эркалы да башкалардан кем калбаган мыкты, таанымал болмок. Бирок окууну бүтүп эле айылдын журналистикасын көтөрүү үчүн кетип калды. Журналистика чыгармачылыкка жардам бербейт. Тескерисинче, убактысын жейт. Ошентсе да анын жазган ырлары далай акынды тамшандырат. Эркалынын табияты — лирик. Ырларынын жорголошу да ошол кандан келген талант. Кара жаак Калык Акиев кандай акын болгон. Алдынан чыккан казак акыны Жамбылдын шаштысын кетирген да.
— Кадимки олуя Куйручукту да жорголотуп сонун жазган. Анан юморду кагазга түшүрүп берүү оңой эмес да. Өзүнүн да куйкум сөздүү тамашакөй сапаты болсо керек?
Ч.У.: — Сөз таап элди күлдүрүп калган жактары да бар болчу. Бирок Куйручук атанын окуяларын жазганда сөз тапкычтыгы, шурудай тизип ал киши менен замандаш болгондой сүрөттөгөн. "Эй, бу Куйручук" китебин Жумгал түгөл алды. Бирок жоготуп жиберип эле кайра сурап келишчү. Сурагандар көп болгондуктан кайра аңгемелер жыйнагын жазды.
Б.К.: — Меникин да уурдап кетишти (күлүп).
Ч.У.: — Университетти аяктагандан кийин эле Чаекке барып, райондук "Демилге" гезитинде иштеп калды. Андан кийин эле райкомпартияга кызматка алышты. Ошол учурда армияга чакырылып, эки жыл Байкоңурда кызмат кылды. Келгенде "Демилгеге" редактор болду. Ушинтип жүрүп чыгармачылыктан алыстап кетти. Кийин кайрадан калемине кайрылды. 1991-жылы Куйручук атанын мааракелик тою болду. Эркалы аны тейледи. Мурда эле кызыгып Куйручук атанын окуяларын жыйнап жүргөн. Китептеги ар бир окуяны ар кимден уккан. Кимден укканын китептин артына тизмелеген. Кийин аны көркөм чыгарма кылып жаратты. Куйручук атанын тоюнан кийин абдан кызыгып калды. Алгач "Эй, бу Куйручук", "Кудай сүйгөн Куйручук" деген аңгемелерин, кийин романын жазды. Ушул жолу кара сөз менен алпурушту, ага чейин ырларын жазып келе жаткан.
Б.К.: — Мисалы, Шайлообек Дүйшеевди "Агындылар" китеби башка бийиктикке чыгарып салбадыбы. Эркалыны да "Кудай сүйгөн Куйручук" китеби дагы бир бийиктикке көтөрдү. Кийин мен Эркалыны Куйручук боюнча радиоаңгеме жасоого чакырдым. Бирок бирөөлөр айнытып коюптур. "Кудай сүйгөн Куйручук" романын радиоверсия кылып жаздырып салсак, жаңы жанр болмок. Эркалынын "менин поэзиядагы нускоочум да, байкоочум да Чынара болду" деп өзүнүн жазганы бар.
Негизи Эркалы куйма кулак эле. Аксакалдын сөздөрүн угуп, төкпөй-чачпай элге жеткирген куйма кулактыгы бар эле. Ал сүйлөп жатканда сөзүн бөлгөндү абдан жаман көрчү. Башкалардын жакшы жагын көрө билчү, ырларын жатка айтып бере алар эле. Жаккан жерлерин жадына сактап алчу. Алешем ырларды да сындачу. Студенттик кезде башка факультеттин балдары Эркалынын ырларын жаттап, дүкүлдөп жатаканасына кетишчү. Адабий ийримге да барып шыктанып келер эле.
Бейшенбек Калыков: — Негизи Эркалы куйма кулак эле. Аксакалдын сөздөрүн угуп, төкпөй-чачпай элге жеткирген куйма кулактыгы бар эле. Ал сүйлөп жатканда сөзүн бөлгөндү абдан жаман көрчү. Башкалардын жакшы жагын көрө билчү, ырларын жатка айтып бере алар эле.
© Фото / Из семейного архива Эркалы Осконалы уулу
— Чынара айым, Эркалы агай акын, жазмакер катары мыкты болуптур. Ал эми жолдош катары кандай болду? Акындар башкача адамдар болушат деп коёт го...
Ч.У.: — Жолдош катары жакшы жар болду. Өзү токтоо, көп сүйлөбөгөн, көпчүлүк учурда ойлонуп жүргөн адам эле. Үйдөн ар кыл жумушту айтсам эле "Чынар, менин китеп окуп жатканым да, ойлонуп жатканым да жумуш. Жөн жүрбөйм, бир ишти ойлоном. Кээде көчөдөн тааныштарды ойлонуп баратып көрбөй кетем, кээде чочуп калам" деп калчу. Ошентип жүрүп, анан чыгарма жаратат. Бир ырын кайра-кайра редакциялачу.
Анан жогоруда айткандай, ал бир нерсени айтып жатканда баарыбыз угуп турчу элек. Теңтуштар менен чогулуп калганда күпүлдөп ыр окушчу. Эркалынын үнүнүн өзгөчө тембри болгон.
— Кантип таанышып калдыңыздар эле?
Ч.У.: — Мен кыз-келиндер институтунда, булар Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде окучу. Ошентип таанышып калганбыз.
Б.К.: — Абдиламит Матисаков да булардын бир кызына ашык болду. Сонун курак, кездер эле. Ошол кездер болбосо Эркалынын бул ырлары жаралбас эле.
Чынара Урсеитова: — Ал бир нерсени айтып жатканда баарыбыз угуп турчу элек. Теңтуштар менен чогулуп калганда күпүлдөп ыр айтышчу. Эркалынын үнүнүн өзгөчө тембри болгон.
© Фото / Из семейного архива Эркалы Осконалы уулу
— Үйдө көп кызыктуу окуяларды отургузуп алып айтып берчү экен. Бул да тарбия да. Негизи балдарга кандай ата болду?
— Балдарга катуу сүйлөчү эмес. Кээде кичине катуураак болсо, кайра өзү кейип калар эле. Анда мен "эч нерсе эмес, сен да айтышың керек да" деп жооткотчумун. Чынында эле чыгармачылыкка кирип кеткендиктен бала тарбиясынын көпчүлүгү эле менин колумда болуп калды. Атасы иштеп жатканда балдар да бутунун учу менен басып калчу.
Улуу кызым да ыр жазып жүрүптүр. Бирок атасы "жок, бир үйдөн бир эле акын болот, жөн эле койсун" деди. Кызым да мага ырларын окутпай койду. Ошону менен акындыкка аралашкан жок, бирок жан дүйнөсү чыгармачыл адамдыкындай.
— Досчулукка кандай эле?
Б.К.: — Досчулукка бардык эле акындардай болчу. Булар биринчи орунга ырларын коёт. Калган маселе экинчи орунда. Эркалы жасалма, айта жүргөнгө деп иш жасап, мамиле курган адам эмес эле. Жан дүйнөсү кандай кабылдаса, ошондой көрсөтчү. Бирок биз Жумгалга барып калганда абдан сыйлачу. Издешкен жакшы теңтуштардан элек. Бирөөнүн кемчилигин бетке айтуудан тартынчу эмес. Какшыктап да коёр эле.
Бейшенбек Калыков: — Досчулукка бардык эле акындардай болчу. Булар биринчи орунга ырларын коёт. Калган маселе экинчи орунда. Эркалы жасалма, айта жүргөнгө деп иш жасап, мамиле курган адам эмес эле. Жан дүйнөсү кандай кабылдаса, ошондой көрсөтчү.
© Фото / Из семейного архива Эркалы Осконалы уулу
— Агай менен сүйлөшүп интервью алууну көздөп жаттык эле. Макулдашканбыз. Өкүнүчтүүсү, көп өтпөй каза болуп калды...
Ч.У.: — Өмүрүнүн акыркы учурларында жалаң жаңы ырларды жазды. Акыркы эки жылда баш көтөрбөй катуу иштеди. Эмнегедир бир ыр келет, аны жазып бүтө электе экинчи ыр келип жатат дечү. "Кудайга салам бер, адам" деген ат менен китеп чыгарууга белсенип жаткан. Тилегине жетпей калды. Ошол акыркы күнүн эстесем, Ат-Башыдагы кудабыз кайтыш болуп калган. "Ооруп калбайын" деп барган жок. Ал жактан эртеси түнкү ондо кайттык. Келсек, бизди аябай күтүп жатыптыр. Кудасына куран окуду. Түн бир оокумда карасам иш столунда дагы эле жазып жатыптыр. Эртең менен жумушка кеткем. Саат ондордо неберем чалып дем албай жатканын айтты. Анан эле балдарга, бир туугандарга чалып, Тез жардам чакырып, такси менен үйгө жетип бардым. Ошентип кетип калды... Столун карасам, ыр жазган эки папкасын коюп, калем саптарын жанына жыйнап, үстүнө бир баракка "Өзүм жөнүндө" деген алты куплет ырын жазып коюптур...