Ушул жылдын 16-июль күнү Бишкек шаарындагы №29 мектептин алдына анын эстелиги коюлуп, иш-чарага Татарстандын вице-премьери Василь Шайхразиев, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.
Биз бул жолу баатыр акын тууралуу 10 фактыны сунуштайбыз.
Туулган жери, бала чагы. 1906-жылы 2 (15)-февралда падышалык Россиянын аймагындагы Оренбург губерниясына караштуу Мустафино деген кыштакта туулган. Азыр ал жер Оренбург облусунун Шарлык районуна карайт. Үй-бүлөдө алты баланын эң кенжеси болгон. Атасы Мустафа, апасы Рахима Сайфуллина кыйынчылык менен күн көргөн. Бир жолу айылдагы жерин сатып, шаарга Оренбургга келип, ал жерден да жакшы жашоо таба албай кайра кыштакка кетишет. Жаш чагынан медреседе диний билим ала баштайт да кат тааныйт, мусулманча китептерди окуйт.
Алгачкы чыгармачылыгы жана саясий жолунун башталышы. 10-11 жашында эле ыр жазууга киришкен, бирок ал ырлары сакталган эмес экен. Биринчи сакталып калган ыры 13 жашында жазган "Бәхет" деген ыры болуптур. Ал окуган "Хусания" медресеси Октябрь төңкөрүшүнөн соң Оренбургдагы Татар эл агартуу институтуна айландырылганда ошол жерде окуйт, 1919-жылы комсомолго өтөт, ыр жазып, жаңы өкмөттү даңазалайт, Мустафино кыштагында комсомолдук уюм түзөт. Ушундай ишмердүүлүгү үчүн Муса Залилов ВЛКСМдын Борбордук Комитетинин Татар-Башкыр секциясынын бюро мүчөсү, бүткүл союздук комсомолдун съездине делегат болуп шайланат.
Москвадагы студенттик күндөр. 1927-жылы Москва мамлекеттик университетине окууга кирет. Филология факультети ал учурда эл таануу (этнология) факультети деп аталган, ошол факультеттин адабият бөлүмүнө катталат. Кийин орус адабиятынын классиктери болгон студенттер менен окуйт, алардын бири юридикалык факультетте билим алган Варлам Шаламов Муса тууралуу суктануу менен "Студент Муса Залилов" деген аңгеме жазган. Муса ырларын татарча келиштире окуп, адабият сүйүүчүлөрүнүн арзуусуна татыган. 1931-жылы МГУнун кайра жаңыдан аталган адабият факультетинин дипломун алат.
Москвада иштеп калганда... ВЛКСМ БК тарабынан Москвада татар тилинде басылган балдар журналдарында 1931-1932-жылдарда иштеп турат да, 1933-жылы ошол эле шаарда татарча чыккан "Коммунист" гезитинин адабият жана искусство бөлүмүн башкарат. Михаил Светлов, Александр Жаров, Александр Безыменский деген ал кездин таанымал акындары менен таанышат, Владимир Маяковскийдин агитациялык ырларын жанынан угуп жүрөт. Ушул кезде ыр жазуу ишине активдүү киришип, ыр жыйнактарын чыгарат. Биринчи китеби "Барабыз" деп аталган (Казань, 1925) ырлар топтому.
Казандагы жылдар... 1935-жылы Муса кайрадан ачылган Казань опера жана балет театрына адабият бөлүмүн жетектеп берүүгө чакырылат. Ал жерде жумушуна байланыштуу бир топ макалаларды, либреттолорду, рецензияларды, пьесаларды жазат, театр үчүн адабий чыгармаларды тандайт, орус классикалык адабиятынын үлгүлөрүн татар тилине которот. Ушул жылдардагы көрүнүктүү эмгеги — "Алтын чач" операсынын төрт бөлүмдүү либреттосу. Бул чыгармасы үчүн ага кийин СССРдин мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган (1948). Анын ошол жылдары кадыр-баркы күндөн-күнгө жогорулап, Казань шаардык кеңешине депутат, Татарстан Жазуучулар союзунун төрагасы болот.
Жеке турмушу. Биринчи жубайы Рауза, андан Альберт деген уулдуу болгон, кийинки аялы Закия Садыкова, андан Люция деген кыз төрөлгөн, үчүнчү зайыбы Амина, анын кызы Чулпан Залилова.
Өз ыктыяры менен урушка кеткен. Ал согуш башталары менен экинчи эле күнү өзү суранып, фронтко аттанган. Болбосо ага согуштан калууга бронь берилген эле. Волхов фронтундагы аскер бөлүктө саясий кызматкер жана кабарчы катары кызмат кыла баштайт. 1941-1942-жылдарда жазган ырлары "Замбирекчинин анты" деген ат менен жыйнак болуп чыгат. Андагы ырлар мекенди сүйүү жана аны коргоо рухуна сугарылган эле. 1942-жылы июль айында душмандардын курчоосунда калат да, оор жарадар болуп, аргасыздан туткунга түшөт.
"Моабит дептери". Муса Жалилдин атын дүйнөгө тааныткан жыйнагы ушундайча аталат. Ал колго түшкөн соң Моабит деген концлагерде жатат. Абакта жазган 115 ыры түрмөдө бирге жаткан бельгиялык Андре Тиммерманс деген туткундун жашырып алып чыгуусунан соң Брюсселдеги советтик элчиликке тапшырылган. Айтуудан дагы эки дептери болгон экен, алары кийин жоголуптур. "Моабит дептери" эчен электен кийин Сталин өлгөн соң гана 1957-жылы жарык көргөн жана ушул эле жылы эң жогорку Лениндик сыйлык ыйгарылган. 1968-жылы Муса Жалил тууралуу "Моабит дептери" деген фильм тартылган.
Патриоттук ырлары үчүн жогорку наам берилген. Муса Жалил 1944-жылы 5-августта Берлинде түрмөдө өлтүрүлгөн. Өлгөндөн кийин анын антифашисттик жана советтик мекенчилдикти даңазалаган чыгармалары, жеке эрктүүлүгү үчүн 1956-жылы Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген.
Китеби кыргыз тилинде чыккан. Муса Жалилдин ырлары, поэмалары таланттуу акын-фронтчу Түмөнбай Байзаков тарабынан кыргызчага которулуп, 1962-жылы "Менин ырларым", 1979-жылы "Моабит дептери" деген ат менен жарык көргөн. Анын чыгармалары көп жылдан бери кыргыз мектептеринде окутулуп келет. Азыркы кыргыз адабиятынын программасына 7-класска Муса Жалилдин "Алман элинде", "Ишенбе", "Эрк", "Айрылуу", "Ачынуу саптары", "Кул", "Доско", "Белегим" деген ырлары киргизилген. Ырлардагы лирикалык каармандын туткунда жатса да эркиндикке умтулуусу, күрөш идеясы, адам рухунун күчү кыргыз балдарын толкундатып келет.