Форма кийип элди атышмак. Ташиев төңкөрүш жасоону эңсегендердин планы тууралуу

УКМК башчысы өткөндө төңкөрүш жасоого шектелип кармалгандар курал-жарак сатып алып баштаганда эле көзөмөлгө алынганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Өткөндө болгон окуялардын шылтоосу менен элди көтөрүп, аскер кийимдерин кийип, чогулган элди атууга багышталган арам ойлору болгон. Бул тууралуу УКМК башчысы Камчыбек Ташиев өлкөдө төңкөрүш жасоого аракет кылгандар тууралуу суроого жооп берип жатып билдирген.
Атайын кызматтын жетекчиси "7-каналга" маек курган.
Ташиевдин айтымында, атайын кызмат шектүүлөрдү аракетин баштагандан тарта кайтарууга алган.
"Бизде булар жөнүндө башынан эле толук маалыматтар бар болчу. Курал, аскер кийимдерин сатып алып жатышканы, дрондорду издеп жүрүшкөнү жана жардыргыч заттарды кантип жасаса болот деп кызыгып жүрүшкөнүн билгенбиз. Кайсы жерден курал сатып алышты, кимдер аркылуу аскер кийимдерине буйрутма беришкен, аларды кайда катышты, баарынын артынан түшүп, видеобайкоолорго жаздырып жүргөнбүз. Баары бышып жетилгенден кийин балдар кармап келишти. Алардын өткөндө болгон окуялардын шылтоосу менен элди көтөрүп, аскер кийимдерин кийип, чогулгандарды атууга багышталган арам ойлору бар эле. Жаман ишти кылар замат ошол эле аскер кийим кийген балдар шапкелерин, үстүңкү кийимдерин чечип ыргытып, "мына, биз эл тарапка өттүк" деп жарыялашмак. Ошентсе "бүткүл өлкө боюнча эл бизди колдоп кетет" деген чолок акыл пландары болгон", — деген Ташиев.
Ошондой эле ал булардын артында кандай күчтөр бар экени жана толук максаттары тергөөнүн жыйынтыгы менен белгилүү болорун кошумчалаган.
Эске салсак, 5-июлда УКМК бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын маалымдаган. Кылмышка шектүүлөр 31-августта Бишкектин четинде өлкөнүн бардык аймактарынан жаштарды чогултуу үчүн спорттук оюндарды уюштуруп, башаламандык уюштурууну пландаганы айтылган.
УКМК: бийликти басып алам деп кармалгандардан депутаттын документи табылды. Видео