ЖК төрагасы: БРИКС+ форматына катышуу Кыргызстандын кызыкчылыгына дал келет

Төрага БРИКСтин X парламенттик форумуна катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. БРИКС+ форматына катышуу Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына толугу менен шайкеш келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев билдирди.
Ал Санкт-Петербург шаарында өткөн БРИКСтин X парламенттик форумуна катышты. Иш-чарага жалпысынан 16 өлкөнүн өкүлдөрү келген.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев
"БРИКС глобалдык маселелерди чечүүгө умтулган, көп полярдуу дүйнө идеясы менен пайдалуу кызматташтыкты илгерилетүү максатын көздөгөн уюм катары белгилүү. Андыктан БРИКС+ форматына катышуу Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына толугу менен шайкеш келет. Биз кызматташтыкты мындан ары да арттырууга, көптөгөн тармактар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз", — деди төрага.
Ал ошондой эле парламенттик институттар дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда элдин кызыкчылыгын коргогон мыйзамдарды кабыл алып, алардын аткарылышын көзөмөлдөгөн негизги мамлекеттик орган экенин белгиледи.
Россия менен Индия негизги маселелер боюнча G20, БРИКС, ШКУ алкагында кызматташат