Россия менен Индия негизги маселелер боюнча G20, БРИКС, ШКУ алкагында кызматташат

Россиянын БРИКСтеги төрагалыгынын артыкчылыктарын колдогону үчүн Индияга ыраазычылык айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Россия менен Индия негизги маселелер боюнча G20, БРИКС, ШКУ алкагында алаканы улантууну макулдашты. Бул тууралуу Кремлдин сайтына жарыяланган XXII Россия-Индия саммитинин жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүүдө айтылат.

“Тараптар эл аралык эркин жана адилеттүү соода эрежелерин сактоо, климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттери менен күрөшүү сыяктуу негизги маселелер боюнча кызматташтыкты G20, БРИКС, ШКУ платформаларында улантууга макулдашты. 2024-жылдагы Россиянын БРИКСтеги төрагалыгы учурунда климат боюнча жумушчу топтун алкагында климат жана туруктуу өнүгүү боюнча БРИКСтин байланыш тобун ишке киргизүүнү туура көрүштү”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Россиянын БРИКСтеги төрагалыгынын артыкчылыктарын колдогону үчүн Индияга ыраазычылык айтылды.
“Тараптар БРИКСтеги стратегиялык өнөктөштүктү жана тыгыз координацияны чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Йоханнесбургдагы XV саммитте кабыл алынган уюмду кеңейтүү боюнча чечимди кубатташты. Алар өз ара урматтоо жана түшүнүү, теңдик, тилектештик, ачыктык, инклюзивдүүлүк жана консенсус принциптерине негизделген БРИКСтин рухуна берилгендигин ырасташты”, — деп айтылат кайрылууда.
Белгиленгендей, Россия менен Индия БРИКС алкагындагы кызматташтыктын үзгүлтүксүздүгүн жана консолидацияланышын камсыздоого багытталган биргелешкен күч-аракеттерди арттырууга макулдашты. Ошондой эле БРИКСке жаңы мүчөлөрдү интеграциялоо, уюмдун өнөктөштөрүнүн категориясын түзүү ыкмаларын иштеп чыгууну колдошту.
Владимир Путин Нарендра Модини Ново-Огарёводогу резиденциясын кыдыртты. Видео