Франциядагы шайлоодо солчул партиялардын коалициясы жеңди

Экинчи орунду президент Эммануэль Макрондун "Бирге" коалициясы, үчүнчү орунду Марин Ле Пендин "Улуттук биригүүсү" ээледи.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Франциядагы Улуттук жыйынга шайлоодо 182 орун алып, солчул партиялардын "Жаңы элдик фронт" коалициясы жеңди. Бул тууралуу республиканын ИИМине шилтеме жасап, РИА Новости жазды.
Президент Эммануэль Макрондун "Бирге" коалициясы 168 орун менен экинчи орунга чыкты. Марин Ле Пендин "Улуттук биригүүсү" 143 депутаты менен үчүнчү болду. Республикачылар 45 мандатка үмүт арта берсе болот, калган партиялар биригип 39 мандатка ээ болот.
Анткен менен кийинчерээк Parisien гезити акыркы маалыматтарга таянып, "Жаңы элдик фронт" 174 мандатка, Макрондун коалициясы 156, "Улуттук биригүү" 143 орунга ээ болгонун билдирди. Натыйжада Республикалык партия жана анын союздаштарына 66 мандат тийсе, башкаларга 38 буюрары жазылган.
Шайлоонун экинчи турунун жыйынтыгында бир дагы саясий күч парламенттин төмөнкү палатасында абсолюттук көпчүлүккө ээ болгон жок.
Биринчи турда "Улуттук биригүү" Республикалык партиядагы өнөктөштөрү менен 33,15 пайыз добуш, солчул блок 27,99 пайыз, Макрондун коалициясы 20,04 пайыз менен үчүнчү орунду ээлеген.
Радио
Мамытов: Макрондун Путин менен сүйлөшүү каалоосу жөн гана пиар