Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кооперацияны тереңдетүү талкууланды

Министрдин орун басары Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кооперацияны тереңдетүү өнөр жай саясатынын негизги багыттарынын бири болуп саналарына токтолду.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Өнөр жай боюнча кыргыз-россиялык жумушчу тобунун 5-отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, отурумга кыргыз тараптан экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова баштаган жумушчу топ катышкан. Үсөнбекова Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кооперацияны тереңдетүү өнөр жай саясатынын негизги багыттарынын бири болуп саналарына токтолду.
"Тараптар энергетика, IT-технология, машина куруу, металл иштетүү, фармацевтика, курулуш материалдары тармактарында өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, Кыргызстандын аймагында индустриялык парктарды түзүүдө билим жана тажрыйба алмашууну талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, былтыр декабрда макулдашылган КамАЗ шассисинин базасында автотехниканы чогултуу, тазалоочу курулмалар өндүрүшүн жолго коюу боюнча кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди.
Радио
Экономика министрлиги: быйыл 100 өнөр жай ишканасы ишке кирет