Мээ кайнаткан ысыктан кантип сактанабыз? Кеңештер

Ысыкта жеңил кийинип жүрүү, суусунду кандырып, гигиенаны сактоо зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Бүгүн Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде облустарында күн 34...39 градуска чейин ысый турганы божомолдонууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аптаптан сактануу жолдорун тизмектеди. Ведомство медиктердин айтымына таянып, кайнаган ысыкты өнөкөт илдети, жүрөк-кан тамыр оорусу барлар эле эмес, соо адам деле көтөрө албай кыйналарын эскертти.
Сактануу жолдору:
күн катуу ысып жатканда көлөкө менен басууга, көлөкөдө турганга аракет кылыңыз. Зарыл иш жок болсо чак түштө көчөгө чыгып кереги жок;
табигый кездемеден, маселен, пахтадан жасалган жеңил, кенен кийим кийген оң. Синтетикалык кездемеден тигилген кийимдер тери ооруларын пайда кылат;
кургатылган мөмөлөрдөн кайнатылган шербет, суу ичүү сунушталат. Бөлмө температурасындагы лимон салынган суу же көк чай суусунду кандырат;
ичкен суусундук өтө муздак болбошу керек. Ысыкта дароо муздак суу ичип алсаңыз тамак ооруп же тумоолоп калышыңыз толук ыктымал;
жуунганда өтө муздак сууга түшпөш керек;
тыюу салынган жерлерде сууга түшкөн болбойт жана сууга түшүүдө спирт ичимдиктерин ичпеш керек.
ӨКМ, мындан тышкары, ысыкта колду тез-тез жууп, ашкана, ажатканаларды таза кармоого чакырган.
Диетолог ашыкча тердебеш үчүн кайсы азыктарды жеш керектигин айтты