Сомнолог уйкунун бузулушу семирүүнү шарттай турганын эскертти

Адис уйку бузулса тамак-аш сиңирүү дагы кыйындай турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Уйкунун бузулушу ашыкча салмак топтоого алып келет. Бул тууралуу Москва мамлекеттик университетинин Уйку медицинасы борборунун жетекчиси Александр Калинкин Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, уйку бузулганда организмдеги майды эриткен соматотроп гормону азайып кетет. Мындан сырткары, уйку канбаган учурда нейропептид орексин заты азайып, ашыкча салмак топтоого шарт түзөт.
"Уйку бузулганда организмде орексин-пептиддин көлөмү азаят. Бул адамды сергек алып жүрүүгө жардам берчү заттар. Мындан улам адам күндүз уйкусурап, башы ооруп, жумушка жакшы көңүл кое албай калат. Буга кыймылдын аздыгы кошулуп, семирүүнү шарттайт", — деген Калинкин.
Адис ошондой эле начар уктаган адамдын тамак-аш сиңирүүсү дагы кыйындай турганын айткан.
"Табит көбүнчө углевод азыктарына тартып калат. Албетте, мында салмак кошулат. Адатта адам уйкусуроону жеңиш үчүн кофеин же таттуу ичимдиктерге өтөт. Бул көйгөйдү курчутат", — деп белгилеген адис.
Сомнолог: кечке маал бир чырм этип алуу түнкү уйкуну бузат