20-июнга карата аба ырайы

20-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бейшембиде тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Мындай божомолду Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +30...+35, Ысык-Көл облусунда +23…+28, Нарын аймагында +21...+26, Талас облусунда +29…+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +31...+36 градус ысык болот.
Борбор калаада жана Ош шаарында күндүн табы +33...+35 градуска жетет. Ал эми Чолпон-Атада +25...+27 градус жылуу болору күтүлүүдө.
Бишкекте жаңы жол пайда болот. Карта