Депутат Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу боюнча келишимге нааразы болду

Эл өкүлү темир жолду башкара турган биргелешкен ишкана тууралуу аткаминерлер эч кандай маалымат бербегенине нааразы болду.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Улугбек Ормонов "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиевди сынга алды.
Парламентарий келишимде Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун 31 жылдан кийин кыргыз тарапка өткөрүп берүү боюнча пункт жок экенине нааразы болгон. Мындан тышкары, документтерде жолдо канча туннель болору көрсөтүлгөн эмес, ошондой эле иштерди бүткөрүүнүн алдын ала мөөнөтү да жок.
"Эмне үчүн инвестициялык келишимди алып келген жоксуңар? Сиз көрсөткөн документте шарттар, тараптар бөлүп бериши керек болгон сумма да жок. Болгону Кытай 51 пайыздан, Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5 пайыздан төлөйт деген маалымат берип жатасыңар. Ооба, бул темир жол бизге керек, бирок эртең ал үчүн сөз эмес, кагаз жүзүндө бирөө жооп бериши керек да", — деди Ормонов.
Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев депутаттын бардык сын-пикирлерин эске алып, кийинки жолу презентация жасай турганын билдирди.
Парламентарий "эртең тараптардын бири келишимге кол коюудан баш тартса эмне болот?" деп сурады.
"Жакында эле бир чиновник "эркекче" жооп берем деп айткан, бирок мындай кылган болбойт. Эртең "Азамат Абдукаримович убада кылган, бирок ал азыр иштебейт, эмне болуп жатканын билбейбиз" деп айтмак белек", — деди Ормонов.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу: Бишкек канча каражат салат?