Мэр Бишкектин жолдору эмнеге капиталдык оңдоодон өтүп жатканын түшүндүрдү

Учурда алты көчө оңдоо иштеринен өтүп жатат, бирөөсүндө жаңы жол салынууда.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев эмне үчүн жолдорду капиталдык ремонттон өткөрүү чечими кабыл алынганын түшүндүрдү.
Анын айтымында, кышында шаар тургундарынан жолдун абалы боюнча арыздануулар көп түшкөн. Мындан улам 40 көчөнү оңдоо чечими кабыл алынган.
1 / 2

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев эмне үчүн жолдорду капиталдык ремонттон өткөрүү чечими кабыл алынганын түшүндүрдү.

2 / 2

Анын айтымында, кышында шаар тургундарынан жолдун абалы боюнча арыздануулар көп түшкөн.

“Биз жасап, бүтүрүп, отчет берип, маселени жаап жаттык. Бирок жасалган көчөлөр 2-3 күндөн кийин эле тешиле берди. Ошондо биз мунун себебин аныктай баштадык. Көрсө негизги жолдордун иштөө мөөнөтү эбак эле бүтүп калган экен. Себеби алар акыркы жолу 2001-жылдан баштап ар кайсы жылдарда оңдолгон экен”, — деди мэр.
Учурда алты көчө оңдолууда, бирөөсүндө жаңы жол салынып жатат.
Бишкектин борборунан 53 маршруттук микроавтобус алынууда. Тизме