"Убайсыз арзуум күбүлдү". Атактуулар Пушкиндин ырын окушту. Видео

Бүгүн, 6-июнда, орустун улуу акыны Александр Пушкиндин туулгандыгына 225 жыл толду. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан видеролик даярдады. Анда классиктин калемине таандык К***. ("Я помню чудное мгновенье…") аталышындагы ыры окурмандарга сунушталат.
Sputnik
Чыгарманы Кыргыз Республикасынын эл акыны Шайлообек Дүйшеев которгон.
Ырды мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, ЖК депутаттары Марлен Маматалиев, Аида Исатбек кызы, космонавт, Кыргызстанда туулган Сергей Корсаков, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев, Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору Асылбек Өзүбеков, Кыргыз Республикасынын эл артисти Айчүрөк Иманалиева, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Галина Кетова жана Бишкектеги Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Мирлан Таалайбеков көркөм окуду.
Дүйшеев ырдын котормосуна "Александр Пушкин Анна Петровна Керн менен 1819-жылы Петербургдагы баллда таанышкан. Андан кийин алар узакка байланышта болушкан. Ыр ошол асылкечине арналган", – деген таржымалды кошумчалаган.
Александр Пушкин 1799-жылдын 6-июнунда төрөлгөн. 1937-жылы 10-февралда 37 жашында дуэлден көз жумган.
Тема боюнча:
Бишкекте Пушкинге арналган иш-чара өттү. Сүрөт